Киргизско-русский словарь Юдахина
тартыш I
1. и. д. от тарт-;
2. схватка;
тап тартышы классовая борьба;
3. дефицитный, пользующийся большим спросом;
тартыш товар дефицитный товар;
китеп тартыш болуп турат книги нарасхват; книг не хватает;
тамактын тартышынан из-за недостатка пищи;
биздин айылда суу тартыш болор эле в нашем ауле не хватало воды;
жол расходу тартыш, кийимдери жыртык, бирок макдайлары жарык путевых расходов у них мало, одежда рваная, но они бодры;
тартышка түш- стать предметом притязаний многих;
талашып алчу олжодой, тартышка түштү Айсулуу стих. Айсулуу стала предметом притязаний, будто спорная военная добыча;
аркан тартыш или ит тартыш этн. состязание в перетягивании верёвки (двое мужчин, головы которых обращены в противоположные стороны, стоят на четвереньках; они связаны верёвкой, захлёстнутой за шею и проходящей между ног; каждый тянет в свою сторону);
талаш-тартыш ( см. талаш I);
бука тартыш (см. бука).
тартыш- II
взаимн. от тарт-;
ат тартышып эки шер, аянышпай алдешип, кошулушуп калыптыр фольк. два богатыря (букв. льва), одарив друг друга конями, окончательно помирились и объединились;
кол буттарыи тартышып, тил сүйлөшөт (сидят на полу) подобравшись, разговаривают.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Белгилүү бир маселе жөнүндө болгон пикир келишпөөчүлүк, талаш. Кычан тартышты башка жакка бурду (Бейшеналиев). Уюштуруу маселеси боюнча талаш-тартыштар көп болду («Ала-Тоо»).
Аркан тартыш — арканды мойнуна салып, эки киши өз тарабын көздөй бирин бири сүйрөп тартыша турган улуттук оюн.
ТАРТЫШ II сын. Жетиштүү эмес, кемчил. Быйыл оокатыбыз тартыш боло койбос.
ТАРТЫШ III 1. тарт этишинин кош мамилеси.
2. Белгилүү бир маселе боюнча өз пикирин айтып талашуу, айтышуу; керишип урушуп калуу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
уподоб. от . тартыш- II;
чон айылдын аксакалдары майда урууларды өз бооруна тартышкансыйт старейшины больших (сильных) аулов как бы привлекают на свою сторону мелкие роды (внешне проявляют заботу о них).