Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Белгилүү бир маселе жөнүндө болгон пикир келишпөөчүлүк, талаш. Кычан тартышты башка жакка бурду (Бейшеналиев). Уюштуруу маселеси боюнча талаш-тартыштар көп болду («Ала-Тоо»).
Аркан тартыш — арканды мойнуна салып, эки киши өз тарабын көздөй бирин бири сүйрөп тартыша турган улуттук оюн.
ТАРТЫШ II сын. Жетиштүү эмес, кемчил. Быйыл оокатыбыз тартыш боло койбос.
ТАРТЫШ III 1. тарт этишинин кош мамилеси.
2. Белгилүү бир маселе боюнча өз пикирин айтып талашуу, айтышуу; керишип урушуп калуу.