ТАРТАР
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Бөдөнөдөн чоңураак, узун буттуу, ылдам жөргөлөй турган куш. Анын арка жагынан, Тартар келди такымдап (Тоголок Молдо). Тартардай тартайып, ээгиндеги эки-үч кылы сербеңдеп, кол башындай бөжөйгөн чал суу болуп, балтырына чыпташкан дамбалынын багелегин түрүп алууга чолосу келбей эртеден керели кечке суудан чыкпай жүргөн түрүн көргөн адам күлгүдөй (Айтматов).