Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бөдөнөдөн чоңураак, узун буттуу, ылдам жөргөлөй турган куш. Анын арка жагынан, Тартар келди такымдап (Тоголок Молдо). Тартардай тартайып, ээгиндеги эки-үч кылы сербеңдеп, кол башындай бөжөйгөн чал суу болуп, балтырына чыпташкан дамбалынын багелегин түрүп алууга чолосу келбей эртеден керели кечке суудан чыкпай жүргөн түрүн көргөн адам күлгүдөй (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Мурда мамилеси, ымаласы жок адамды жакындатып, мамиле түзө коюу, бат эле таанышып алууга жөндөмдүүлүк, жек‑жаатчыл, шылуун. Ушундай мезгилде тартарды таяке, бөдөнөнү бөлө кылган шылуундар да көбөйүп кетти («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Мурда мамилеси, ымаласы жок адамды жакындатып, аны менен мамиле түзө коюу, бат эле таанышып алуу, аралашып кетүү. Ушундай мезгилде тартарды таяке, бөдөнөнү бөлө кылган шылуундар да көбөйүп кетти («Ала-Тоо»).