Киргизско-русский словарь Юдахина
и. д. от тарт-;
1. көпчүлүктү өзүнө тартуу привлечение масс на свою сторону;
резервдерди жакын тартуу воен. подтягивание резервов;
душмандын күчүн өзүнүн фронтуна тартуу воен. отвлечение сил врага к своему фронту;
жоопко тартуу привлечение к ответу;
кулакка тартуу ист. раскулачивание;
2. подавание (гостям) угощения;
соёрун сойдум, тартуу (или тартышы) кандай болот погов. зарезать-то я (напр. овцу) зарезал, а вот как-то (мясо) подаваться будет (дело-то я начал, кашу-то заварил, а вот до конца-то доводить как буду);
3. уст. подношение, подарок (вышестоящему, часто в виде замаскированной взятки);
тартуу тарт- преподнести дар;
алдыңызга атым тартуу, чапаным жабылуу мой конь - вам подношение, мой халат на вас надет (прошу вас принять за мою провинность или в знак моего к вам уважения);
жаныбыз да, башыбыз да силерге тартуу наши жизни в ваших руках, вы вольны нас казнить или миловать (букв. наши души и наши головы - вам подношение);
башым сага тартуу винюсь перед тобой своей головой;
4. курение или закладывание в рот табака;
тамеки тартуу курение табака;
чылым тартуу курение кальяна;
насыбай тартуу закладывание насвая в рот (за нижнюю губу, под язык).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Бирөөгө тартуулай турган, арнап бериле турган белек. Алтымыш буудан айдатып, Алдына тартуу тартпайбы («Эр Табылды»). Жаныбыз да, башыбыз да силерге тартуу (Жантөшев).
ТАРТУУ II тарт этишинин кыймыл атоочу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
подносить в виде подарка (см. тартуу 3);
"ушуну алып коюңуз" деп, фотоаппаратын тартуулап сунду он протянул мне в подарок фотоаппарат, мол, примите вот это;
өз өнөрлөрүн калың калк алдында тартуулап жатты свои знания они преподносили массам;
тагдыр сонун мүнөздү тартуулап берген судьба наделила (его) прекрасным характером.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАРТУУЛОО КЕЛИШИМИ – көзү тирүү кезинде бир тарап (тартуулоочу) экинчи тарапка (тартуу алуучу) буюмду же өзүнө же үчүнчү жакка мүлтүк укугун (талабын) менчигине биротоло бекер берет же берүүгө милдеттенет, болбосо анын өзүнүн же үчүнчү жактын алдындагы милдеттүүлүгүнөн бошоткон же бошотууга милдеттенген келишим. Кимдир бирөөгө буюм же мүлктүк укукту тартуулоо, болбосо кимдир бирөөнү мүлктүк милдеттенмеден (тартуулоо убадасынан) бошотуу, эгер убада ойдогудай жолжоболоштуруп, ошол максатты так чагылдырып турса, Т. к. катары таанылат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАРТУУЛООЧУ – тартуулоо келишиминин бир тарабы, көзү тирүү кезинде экинчи тарапка (тартууну алуучуга) буюмду менчикке акысыз берет же берүүгө милдеттенет, же ага өзүнө карата же үчүнчү жакка карата мүлк укугун (талабын) берет же берүүгө милдеттенет, же аны өзүнүн алдындагы же үчүнчү жактын алдындагы мүлк милдеттенмесинен бошотот же бошотууга милдеттенет.