Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАРТУУЛОО КЕЛИШИМИ – көзү тирүү кезинде бир тарап (тартуулоочу) экинчи тарапка (тартуу алуучу) буюмду же өзүнө же үчүнчү жакка мүлтүк укугун (талабын) менчигине биротоло бекер берет же берүүгө милдеттенет, болбосо анын өзүнүн же үчүнчү жактын алдындагы милдеттүүлүгүнөн бошоткон же бошотууга милдеттенген келишим. Кимдир бирөөгө буюм же мүлктүк укукту тартуулоо, болбосо кимдир бирөөнү мүлктүк милдеттенмеден (тартуулоо убадасынан) бошотуу, эгер убада ойдогудай жолжоболоштуруп, ошол максатты так чагылдырып турса, Т. к. катары таанылат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАРТУУЛООЧУ – тартуулоо келишиминин бир тарабы, көзү тирүү кезинде экинчи тарапка (тартууну алуучуга) буюмду менчикке акысыз берет же берүүгө милдеттенет, же ага өзүнө карата же үчүнчү жакка карата мүлк укугун (талабын) берет же берүүгө милдеттенет, же аны өзүнүн алдындагы же үчүнчү жактын алдындагы мүлк милдеттенмесинен бошотот же бошотууга милдеттенет.