Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАРТИПКЕ ЧАКЫРУУ ЧАРАСЫ – жүрүм-турум кылыгы (тартипти бузгандыгы) үчүн жоопкерчилик чарасы. Эмгек укугунда төмөнкү Т. ч. ч. колдонулат: эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш, жумуштан бошотуу. Тартиптик жоопкерчилик жөнүндөгү мыйзамда, ошондой эле тартип жөнүндөгү жоболордо кызматкерлердин айрым катмарлары үчүн башка Т. ч. ч. каралышы мүмкүн. Алардын баары мыйзамда белгиленген тартипте жокко чыгарылат.