Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Белгилүү бир коомдун, уюмдун, жамааттын бардык мүчөлөрү баш ийүүгө милдеттүү болгон эреже, жобо. Эмгек тартиби. Аскердик тартип. 2. Жалпы эле жүрүш-туруш эрежеси, адамга мамиле кылуунун, өзүн алып жүрүүнүн жалпы нормасы. Тартиби жакшы адам. 3. Белгилүү бир нерсенин жалпы ирети. Китептериңди тартипке келтирип жыйнап кой.