ТАРТЫН
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Таңып алуу, байланып алуу (мис. чарыкты). Бутуна чарык тартынып, Байлардын коюн багышкан (Осмонкул). Бурма белдемчи тартынып, башын ак жоолук менен кайра тарта буунган (Каимов). Курун бекем тартынды. 2. Жалтануу, айбыгуу, тарткынчыктоо, батына албай коюу, тарткынчаактык кылуу. Артыңа берет өнөрүң, Балам, тартынбай киргин жарышка (Токтогул). Ынтымак болсо калкыңда, Душманыңдан тартынба (Бөкөнбаев).