1. спина; задняя сторона, задняя часть, тыл; арка чач коса (женская); арка чачың өрбөй кал! фольк. чтоб тебе остаться вдовой! (букв. чтоб тебе не заплетать косы); 2. ист. задняя сторона, тыл (при массовом передвижении народов); арка кыргызы северные киргизы (название осталось от времён ойратского нашествия, когда киргизы массой двинулись на юг); Анжыян-аркага кабар салып, ашка даярданып калышты фольк. они оповестили Андижан (т.е. южных киргизов) и северных киргизов и начали готовиться к свадебному пиру; Сары Арка (в эпосе) название казахских степей севернее линии Балхаш - Арал; аркамда с моей помощью (букв. у меня за спиной, у меня на спине; сзади меня, за мной); аркаң менен благодаря тебе, с твоей помощью, при твоём содействии; ошонун аркасында из-за того, по той причине; сенин аркаң тийди ты оказал поддержку; айбанатча болбодуң: аркасы тиет дечү элем,- эстебей кеткен экенсиң фольк. (форма ед. ч., но обращение ко многим) вы (сорок витязей) не стали равны (даже) животному: я полагался на вашу (букв. его) помощь, (но) вы не вспомнили (обо мне); аркасын тийгиз- оказать (свою) поддержку; аркасын тийгизүүчү покровитель; аркасын тийгизүүчүлөр да жок эмес он не без покровителей; кабылан Манас жан достум, качан көрөм аркаңды? фольк. мой друг леопард Манас, когда я дождусь твоей помощи (букв. увижу твою помощь) ? арка кыл- считать опорой, надеждой; аттай арка, тоодой медер кылдым сени ты мне опора; надеюсь на тебя как на каменную гору; арка бер- повернуться спиной, отвернуться; арка бериш сидение или стояние спиной друг к другу; арка бериш бол- оказывать взаимную поддержку (букв. сидеть или стоять спиной друг к другу); арка бериш бололу, жедигер, нойгут, сарбагыш айлыбыз бирге конолу стих. будем помогать друг другу: джедигеры, нойгуты, сарыбагыши - расположимся аулами вместе; арка бериш таң- связать двоих, поставив их спиной к спине; арка бериш жер смежная земля, смежный участок земли; арка сал- злобствовать, гневаться (букв. повернуться спиной); аркасын салса, баатырда алты миң эрдин сүрү эле фольк. когда в гневе богатырь (Манас), его грозность равна грозности шести тысяч богатырей; аркасы сууган он почувствовал облегчение (от тягот); он вздохнул свободно (освободившись от чего-либо); кан ичер Төрөгелди өлуп, далай кедейдин аркасы сууган когда умер кровопийца Торегелди, многие бедняки вздохнули свободно; аркасы ачылбаган (о животном) заплывший жиром; кыр арка позвоночник; арка мойнуң астыңда калсын! чтоб тебе шею свернуть!; там арка см.там I.
Iзат.1. Дененин моюидан тартып куймулчакка чейинки омурткалар турган бөлүгү. Ат аркасын суутуп, Эки-үч күн туралы! («Олжобай менен Кишимжан»).
2. Бет алып турган тарапка карама-каршы жак, арт жак. Азыр аркада калган кызыл тоо анда көрүнгөн эмес (Сыдыкбеков). Аркадан буркураган чаң чыкты («Советтик Кыргызстан»).
3. өт. Таяныч, жөлөк, жардам. Сапек атамдын аркасы менен ат -жалын тарттым (Аалы).
АРКАIIзат. архит. Эки дубалдын же эки таянычтын догоого окшоп ийилип келип кошулган жери.
ж.архит. арка (эки дубалдын же эки таянычтын догоого окшоп ийилип келип кошулган жери); триумфальная арка триумф аркасы (капкасы) (бир атак алган киши салтанаттуу түрдө өтүү үчүн жасалган курулуш).
1. Дененин моюндан тартып куймулчакка чейинки омурткалардан турган бөлүгү. Ат аркасын суутуп Эки-үч күн мында туралы! («Олжобай менен Кишимжан»). 2. Бет алып турган тарапка карама-каршы жак, арт жак. Азыр аркада калган кызыл тоо анда көрүнгөн эмес (Сыдыкбеков). Ат кепенин аркасы аңырайып көчүп кетиптир (Касымбеков). 3. өт. Таяныч, жөлөк, коргооч, жардам. Атаң кууп салганда, Арка болгон мен элем («Эр Табылды»). Күрүчтүн аркасы менен күрмөк суу ичет (макал). Кабылан Манас, жан досум, Качан көрөм аркаңды («Манас»). Алымкул арка кылган Кулбаш сыркоолоп, төшөктө жатат (Абдукаримов).
1. торчать в разные стороны; көздөрүнүн чарасы бөксөрүп, акыреги аркайган глаза у него ввалились, ключицы торчат; 2. выситься, вздыматься (выдвигаясь остриями); аркайган аска менен зоолор вздымающиеся горы и дикие скалы; аркайып жаткан Ала-Тоо чөгүп жаткан нарга окшойт фольк. вздымающийся Ала-Тоо подобен опустившемуся на колени верблюду.
1. Арсак-терсек болуп сороюп чыгып калуу. Тоого чыккан арчадай Мүйүздөрү аркаят (Үмөталиев). Мелтиреген талааны, аркайган тоолорду көзү талыгыча карады (Токомбаев). 2. Абдан арык болгондуктан сөөктөрү уркуюп, каржайып чыгып турган абал. Сансыздын көздөрүнүн чарасы бөксөрүп, акыреги аркайган (Жантөшев).
уток; аркак сал- сновать уток (при тканье); ак аркак южн. 1) шёлковая ткань с белым утком и чёрной основой; 2) женское платье из ткани ак аркак; эриш-аркак болуп туралы будем жить в мире, в согласии; эриш-аркагы жок сөз бессвязная, бессодержательная речь.
«Эришке жараша аркагы» (Макал). Бул өрмөк согууда эриштин (эркеги үстүңкү жиптери) менен ургаачысынын (астыңкы жиптери) ортосунда каршы-терши жүрө турган жоон шоона. Аркак эриштен тез өтүп турушу үчүн ал, адатта, сүйрүлөнө түрүлөт. Өрмөктүн «адыргы» менен «кылычы» жана «үч марасы» (үч буттуу жыгачы) өрмөктү өйдө көтөргөндө, мунун күзүгүнүн бирөө өйдө чыгып, бирөө ылдый түшүп турат. Бул экөөнү айрып турган чыйратуусу келишкен «тизгин» деген жиби бар. Ал согуп жаткан жакты жазы, ичке кылбай, бир калыпта алып турат.
Кездеменин, таардын узунунан кеткен эриш жибине туурасынан өткөрүлүүчү жип аркак аталат. Бул сөз кыргызча, уйгурча аркак делсе, азербайжан, түркмөн, турция тилинде аргач, башкыр, кара калпак, казак тилдеринде аркау болуп, айтылат. Жогоркулардын аркак дегени алгачкысы деп эсептелгенде, аргач түрү аяккы к тыбышы ч тыбышына алмашуудан, аркау түрү ал тыбыштын в тыбышына өтүшүнөн келип чыгат.
Аркак сөзү арка+к деген бөлүктөрдөн турат. Тува тилинде аргы этиши 1) «току», «өр»; 2) «сок» маанисинде алигиче сакталып калган (ТувРС, 66). Мына ушул этиш огуз тилинде арга түрүндө, кыпчак тилинде арка түрүндө байыркы кезде колдонулушу мүмкүн. Ага зат атооч жасоочу -к мүчөсү кошулуп, аркак сөзү келип чыккан. Алгач аркак сөзү «өргүч», «токугуч» дегенге жакын маани берген. Кийин арга//арка этишинин мааниси көпчүлүк түрк тилдеринде унуту-лушу менен, аркак сөзүнүн келип чыгышы күңүрттөп, билинбей калган.
Кездеменин ж. б. эриш жибине туурасынан өткөрүлгөн жиби. Желбегей кийген бейкасам, Аркагы базар жибеги (Токтогул). Эришине жараша аркагы, эшегине жараша тушагы (макал).
этиш.1. Аркасына, жонуна көтөрүү, жүктөө. Аз күндүк азык-түлүктөрүн аркалап атам жөнөп кетти. 2. өт. Милдет кылып алуу, жүктөө. Коммунисттер элдин жүгүн аркалап, Ар бир иште жол көрсөтүп башкарат (Осмонкул).
1. взваливать (себе) на спину, нести на спине; 2. перен. искать защиты; элиме бүлүк салганда, качып келдим аркалап фольк. когда (враг) привёл мой народ в смятение, я прибыл искать защиты.
1. Аркага, жонго салып көтөрүү, аркасына жүктөө. Аз күндүк азык-түлүктөрүн аркалап, атам жөнөп кетти («Мугалимдерге жардам»). – Э, ботом, мына бул бирин көтөрүп, бирин аркалап, балапан ээрчиткен күрптөй болгон неме ким өзү? (Айтматов). 2. Милдет катары мойнуна алуу, жоопкерчиликти алуу. 3. Ишеним артуу. Мен бул жерге сизди аркалап келдим (Үсөн). Эми мындан аркы убалыңды аркалабайын (Сыдыкбеков). Өлкө жүгүн мен аркалап мойнума (Эралиев).
аркалуу I 1. имеющий позвоночник, позвоночный; аркалуудан оонабайт загадка (кто) из позвоночных не валяется (отгадка уй корова); 2. перен. сильный; аркалуу мерген Кожожаш анык келип калыптыр фольк. сильный стрелок Коджоджаш в самом деле прибыл. аркалуу II то же, чтоаркылуу.
1. то же, что арка кыргызы (см.арка 2); 2. (чаще аркалык темир) металлическая пластинка (украшение для женской косы); аркалыктын бүркүтү охот. один из видов беркута.
1. диал. 1. Түндүк райондордо жашаган эл, адам. Аркалыктардан келген адам көп болгон. Кыязы, аркалык окшойсуң (Бейшеналиев). 2. Стулдун, скамейканын арка жактагы жөлөнгүчү. Абдукерим аке скамейканын аркалыгына чалкалай отурду (Абдумомунов).
1. аркан (шерстяной, волосяной); кыл аркан волосяной аркан; аркан тарттырмай или аркан тартыш перетягивание верёвки (вид спорта); аркан суйрөш- или аркан тарт- состязаться в перетягивании аркана; балбандар оодарышат, күрөшөт, аркан сүйрөшөт силачи состязаются в стаскивании друг друга с коней, борются, перетягивают аркан; 2. разг.фольк. аркан (мера длины, равная 4-5 метрам); эки аркан бойлобойт больше двух арканов (напр. глубиной); алты аркан бою длина, расстояние или глубина, равные шести арканам; күн батууга аркан бою калды солнце клонится к закату; аркан-жипсиз байлан- оказаться связанным по рукам и по ногам.
Бул сөз «өр-, эш-» деген маанидеги арка- этишине кыймыл-аракеттин натыйжасын билдирүүчү –н мүчөсүнүн жалганышы менен пайда болгон: арка+н > аркан (ЭСТЯ 1974:175). «Өрүлгөн, эшилген» деген маанини туюндурат. Бул сөз орус тилине да төмөнкүдөй мааниде өткөн: аркан верёвка с петлёй на конце, сделанная для бросания вокруг цели и стягивания её при натяжении верёвки ◆ Жеребчик заметался, и тут-то ему накинули аркан на шею. (A. Н. Толстой, «Детство Никиты»).
«Кыл аркандын селкинчек, кыздар ойнойт эркиндеп» (Эл ыры). Жылкынын жал-куйругунан, эчки-топоздун кылтагынан эшмечилик өнөрү менен бүткөрүлгөн жүк жүктөөчү, кайтарылган малга тагылуучу жоон жип. Анын узуну 12 кулачка жетет. Аны эшүү чылбырды, бел кырчоону, желени эшүү менен окшошот. Даана кыл аркан жылкынын куйрук-жалынан болот да, ал урунууга өтө бышык келет.
Үч же беш жипти катуу чыйратып, бириктирип толгоо аркылуу жасалган узун жана жоон жип аркан аталат. Бул сөз арка+н деген бөлүктөрдөн турат. Арка деген уңгусу аркак деген сөздү жасоого катышкан, азыркы кыргыз тилинде өзүнчө айтылбаган менен, тува тилинде сакталып калган аргы «1) току, өр; 2) сок, эш» деген сөзгө туура келет. Этиштин зат атооч жасоочу -н мүчөсү жалгануудан аркан сөзү келип чыккан. Ал «өрүлгөн, чыйратылган жип» дегенге барабар маани берген.
Болжол менен он метрчелик узундук өлчөмү (аркандын узундугундай өлчөм). Кырк аркан бою чоң зындан. («Манас» С. К.). Күн тиги кырдан аркан бою көтөрүлө бергенде булар көпүрөнү бүтүштү (Жантөшев). Ай батарына аркан бою калганча, арча түбүнө отура беришти (Жусупов).
Бир аз гана, саал, анча-мынча (көбүнчө өлчөмгө карата). Күн тиги кырдан аркан бою көтөрүлө бергенде булар көпүрөнү бүтүштү (Жантөшев). Ай батарына аркан бою калганча, арча түбүнө отура беришти (Жусупов).
этиш. Алыс кетип калбас үчүн малды аркандын бир учу менен байлап отко коюу, аркан менен байлап коюу. [Көсөл].. күрөң бээни огороддун четине алып барып аркандады (Каимов).
Алыс кете албай, бирок эркин басып оттоо үчүн малды аркан менен байлап коюу. Балдар уйларды аңызга аркандап коюшту (Абдукаримов). Күрөң бээни огороддун четине алып барып аркандады (Каимов).
Аркандалып байланган. Ар жагында күшүлдөп, Аркандалуу уй жатат (Турусбеков). Аркандалуу турган атымдын чылбырын бошотуп, тердик салбай ыргып миндим (Сыдыкбеков).
Келин күйөөнүн айылына жеткенге чейин жолдогу айылдарда аркан менен жолун тороо салты. Тоскондорго келин алган тарап түрдүү белектерди (кол жоолук, шакек, акча ж.б.) берип, өзүнө жол бошоттурат.
Көбүнчө келиндерге карата «бактылуу бол», «бала-бакыралуу бол», «ырыс-кешиктүү бол» деген мааниде айтылган алкоо. Кыз журту башка илгертен: эми өз журтуңа барасың, кудай кааласа аркаңды мал басып, алдыңды бала басып, өз алдыңча болосуң, кагылайын (Касымбеков).
южн. тот, кто или то, что сзади; задний; аркаңкы терезеден карасаң болот эле ты бы посмотрел в заднее окно; аркаңкысы жетип келди последний (тот, что был сзади) прибыл.
архар, горный баран (самка); Үч Аркар астр. Весы; Алты Аркар астр. Малая Медведица; Жети Аркар астр. Большая Медведица; аркар оту название высокогорной лекарственной травы.
зат.1. Кой тукумуна кирүүчү жапайы тоо айбаны. Аркары болбой зоо болбойт (Тоголок Молдо).
2. Ушундай айбандын ургаачысы. Жайылып аркар, кулжасы, Жардашып таштан кетпеген (Үсөнбаев).
«Чыгырык мүйүздүү, кылчык жүндүү кой тукумуна кирүүчү жапайы тоо айбаны, аӊ» (КТС 2010:114). Этимологдордун ою боюнча, бул сөз «арка» деген этиштен пайда болгон. Алар буга далил катары кыргыз тилиндеги ушул этиштен жасалган «арка+й», «арка+гай» деген сөздөрдү келтиришет (аркагай мүйүз ак бугу (Юдахин). (ЭСТЯ 1974:345 ). А.Щербак «аркар» сөзү монгол жана тунгус тилдериндеги ушул эле маанини туюндурган «аргали» менен тектеш деп эсептейт. Бул сөз «аркар, архар» түрүндө орус тилине да өткөн.
Бала-бакыралуу болуп турса да, келин кездеги келишимдүү келбетинен, керилген сымбатынан кетпеген, асылдыгынан тайбаган, атына заты төп келген, тараза боюна кийген кийими жарашкан, адеби, мамилеси жүрөктү жылыткан, эстүүлүгү, тунуктугу бөтөнчө ургаачыны илгери ушинтип кайберендин ыйыгы аркарга теңешип, ушундай аташкан. Улуу кол башчы...черин таратып келгенден кийин эле,... аркар эмчек, акылгөй тараз канышасы, бектери, бийлери, жөнбилги кеңешчилери менен, кайтарып берди (Субанбеков).
Жактырбаган, көргүсү келбеген мүнөздө кош көңүл мамиле жасоо, кыртышы сүйбөө. Анан кала берсе, балыктан чарчап кайткан күйөөсүн күтүп албай аркасын сала турган болду (Укаев). В.: Сыртын салуу. Биздин, ошондой эле сиздин кеңсе башчыңыз сыртын салып, басып кетиптир («Чалкан»).
Жактырбаган, көргүсү келбеген мүнөздө кош көңүл мамиле жасоо, кыртышы сүйбөө. Анан кала берсе, балыктан чарчап кайткан күйөөсүн күтүп албай аркасын сала турган болду (Укаев).
Жардамдашуу, каралашуу, көмөк көрсөтүү, пайдасы тийүү. Ага Карелдин бир туугандан артык аркасы тийди (Ашымбаев). Таякесинин «сенин аркаң элге тийгиси бардыр» деген кеби Ашырбекти түркүн ойго салды (Ашымбаев). Башында экөөбүзгө аркасы тийген ынак байбичеси Айымкандын да колунан эч нерсе келбеди (Бейшеналиев).
Жардамы тийүү, көмөгү, пайдасы тийүү. Ага Карелдин бир туугандан артык аркасы тийди (Ашымбаев). Таякесинин «сенин аркаң элге тийгиси бардыр» деген кеби Ашырбекти түркүн ойго салды (Ашымбаев). Башында экөөбүзгө аркасы тийген ынак байбичеси Айымкандын да колунан эч нерсе келбеди (Бейшеналиев).