АРКАҢДЫ МАЛ БАССЫН, АЛДЫҢДЫ БАЛА БАССЫН
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Көбүнчө келиндерге карата «бактылуу бол», «бала-бакыралуу бол», «ырыс-кешиктүү бол» деген мааниде айтылган алкоо. Кыз журту башка илгертен: эми өз журтуңа барасың, кудай кааласа аркаңды мал басып, алдыңды бала басып, өз алдыңча болосуң, кагылайын (Касымбеков).