аркар
Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды«Чыгырык мүйүздүү, кылчык жүндүү кой тукумуна кирүүчү жапайы тоо айбаны, аӊ» (КТС 2010:114). Этимологдордун ою боюнча, бул сөз «арка» деген этиштен пайда болгон. Алар буга далил катары кыргыз тилиндеги ушул этиштен жасалган «арка+й», «арка+гай» деген сөздөрдү келтиришет (аркагай мүйүз ак бугу (Юдахин). (ЭСТЯ 1974:345 ). А.Щербак «аркар» сөзү монгол жана тунгус тилдериндеги ушул эле маанини туюндурган «аргали» менен тектеш деп эсептейт. Бул сөз «аркар, архар» түрүндө орус тилине да өткөн.