Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Туш-туш жакка тарбаюу, бийик көтөрүлүп, арсак-терсек көрүнүштө болуу. Тоого чыккан арчадай Мүйүздөрү аркаят (Үмөталиев). Мелтиреген талааны, аркайган тоолорду көзү талыганча карады (Аалы).
2. Абдан арыктагандыктан сөөктөрү уркуюп чыгып туруу. [Сансыздын].. көздөрүнүн чарасы бөксөрүп, акыреги аркайган (Жантөшев).