Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Туш-туш жакка тарбаюу, бийик көтөрүлүп, арсак-терсек көрүнүштө болуу. Тоого чыккан арчадай Мүйүздөрү аркаят (Үмөталиев). Мелтиреген талааны, аркайган тоолорду көзү талыганча карады (Аалы).
2. Абдан арыктагандыктан сөөктөрү уркуюп чыгып туруу. [Сансыздын].. көздөрүнүн чарасы бөксөрүп, акыреги аркайган (Жантөшев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. торчать в разные стороны;
көздөрүнүн чарасы бөксөрүп, акыреги аркайган глаза у него ввалились, ключицы торчат;
2. выситься, вздыматься (выдвигаясь остриями);
аркайган аска менен зоолор вздымающиеся горы и дикие скалы;
аркайып жаткан Ала-Тоо чөгүп жаткан нарга окшойт фольк. вздымающийся Ала-Тоо подобен опустившемуся на колени верблюду.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Арсак-терсек болуп сороюп чыгып калуу. Тоого чыккан арчадай Мүйүздөрү аркаят (Үмөталиев). Мелтиреген талааны, аркайган тоолорду көзү талыгыча карады (Токомбаев). 2. Абдан арык болгондуктан сөөктөрү уркуюп, каржайып чыгып турган абал. Сансыздын көздөрүнүн чарасы бөксөрүп, акыреги аркайган (Жантөшев).