Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Арсак-терсек болуп сороюп чыгып калуу. Тоого чыккан арчадай Мүйүздөрү аркаят (Үмөталиев). Мелтиреген талааны, аркайган тоолорду көзү талыгыча карады (Токомбаев). 2. Абдан арык болгондуктан сөөктөрү уркуюп, каржайып чыгып турган абал. Сансыздын көздөрүнүн чарасы бөксөрүп, акыреги аркайган (Жантөшев).