Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Үч же беш жипти катуу чыйратып, бириктирип толгоо аркылуу жасалган узун жана жоон жип аркан аталат. Бул сөз арка+н деген бөлүктөрдөн турат. Арка деген уңгусу аркак деген сөздү жасоого катышкан, азыркы кыргыз тилинде өзүнчө айтылбаган менен, тува тилинде сакталып калган аргы «1) току, өр; 2) сок, эш» деген сөзгө туура келет. Этиштин зат атооч жасоочу -н мүчөсү жалгануудан аркан сөзү келип чыккан. Ал «өрүлгөн, чыйратылган жип» дегенге барабар маани берген.