АРКАЛА
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Аркага, жонго салып көтөрүү, аркасына жүктөө. Аз күндүк азык-түлүктөрүн аркалап, атам жөнөп кетти («Мугалимдерге жардам»). – Э, ботом, мына бул бирин көтөрүп, бирин аркалап, балапан ээрчиткен күрптөй болгон неме ким өзү? (Айтматов). 2. Милдет катары мойнуна алуу, жоопкерчиликти алуу. 3. Ишеним артуу. Мен бул жерге сизди аркалап келдим (Үсөн). Эми мындан аркы убалыңды аркалабайын (Сыдыкбеков). Өлкө жүгүн мен аркалап мойнума (Эралиев).