Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кездеменин, таардын узунунан кеткен эриш жибине туурасынан өткөрүлүүчү жип аркак аталат. Бул сөз кыргызча, уйгурча аркак делсе, азербайжан, түркмөн, турция тилинде аргач, башкыр, кара калпак, казак тилдеринде аркау болуп, айтылат. Жогоркулардын аркак дегени алгачкысы деп эсептелгенде, аргач түрү аяккы к тыбышы ч тыбышына алмашуудан, аркау түрү ал тыбыштын в тыбышына өтүшүнөн келип чыгат. Аркак сөзү арка+к деген бөлүктөрдөн турат. Тува тилинде аргы этиши 1) «току», «өр»; 2) «сок» маанисинде алигиче сакталып калган (ТувРС, 66). Мына ушул этиш огуз тилинде арга түрүндө, кыпчак тилинде арка түрүндө байыркы кезде колдонулушу мүмкүн. Ага зат атооч жасоочу -к мүчөсү кошулуп, аркак сөзү келип чыккан. Алгач аркак сөзү «өргүч», «токугуч» дегенге жакын маани берген. Кийин арга//арка этишинин мааниси көпчүлүк түрк тилдеринде унуту-лушу менен, аркак сөзүнүн келип чыгышы күңүрттөп, билинбей калган.