уток;
аркак сал- сновать уток (при тканье);
ак аркак южн.
1) шёлковая ткань с белым утком и чёрной основой;
2) женское платье из ткани ак аркак;
эриш-аркак болуп туралы будем жить в мире, в согласии;
эриш-аркагы жок сөз бессвязная, бессодержательная речь.
зат. Кездеменин узатасынан кеткен жиптери менен айкалышуучу туурасынан кеткен жип. Желбегей кий ген бейкасам, Аркагы базар жибеги (Токтогул). Эришине жараша аркагы (макал).
♦ Эриш-аркак болуу к. эриш.
«Эришке жараша аркагы» (Макал). Бул өрмөк согууда эриштин (эркеги үстүңкү жиптери) менен ургаачысынын (астыңкы жиптери) ортосунда каршы-терши жүрө турган жоон шоона. Аркак эриштен тез өтүп турушу үчүн ал, адатта, сүйрүлөнө түрүлөт. Өрмөктүн «адыргы» менен «кылычы» жана «үч марасы» (үч буттуу жыгачы) өрмөктү өйдө көтөргөндө, мунун күзүгүнүн бирөө өйдө чыгып, бирөө ылдый түшүп турат. Бул экөөнү айрып турган чыйратуусу келишкен «тизгин» деген жиби бар. Ал согуп жаткан жакты жазы, ичке кылбай, бир калыпта алып турат.
Кездеменин, таардын узунунан кеткен эриш жибине туурасынан өткөрүлүүчү жип аркак аталат. Бул сөз кыргызча, уйгурча аркак делсе, азербайжан, түркмөн, турция тилинде аргач, башкыр, кара калпак, казак тилдеринде аркау болуп, айтылат. Жогоркулардын аркак дегени алгачкысы деп эсептелгенде, аргач түрү аяккы к тыбышы ч тыбышына алмашуудан, аркау түрү ал тыбыштын в тыбышына өтүшүнөн келип чыгат.
Аркак сөзү арка+к деген бөлүктөрдөн турат. Тува тилинде аргы этиши 1) «току», «өр»; 2) «сок» маанисинде алигиче сакталып калган (ТувРС, 66). Мына ушул этиш огуз тилинде арга түрүндө, кыпчак тилинде арка түрүндө байыркы кезде колдонулушу мүмкүн. Ага зат атооч жасоочу -к мүчөсү кошулуп, аркак сөзү келип чыккан. Алгач аркак сөзү «өргүч», «токугуч» дегенге жакын маани берген. Кийин арга//арка этишинин мааниси көпчүлүк түрк тилдеринде унуту-лушу менен, аркак сөзүнүн келип чыгышы күңүрттөп, билинбей калган.
Кездеменин ж. б. эриш жибине туурасынан өткөрүлгөн жиби. Желбегей кийген бейкасам, Аркагы базар жибеги (Токтогул). Эришине жараша аркагы, эшегине жараша тушагы (макал).