Киргизско-русский словарь Юдахина
уу I
1. яд;
тилден бал да тамат, уу да тамат погов. с языка и мёд каплет, и яд каплет;
жылаандын териси кооз, тиши - уу погов. кожа змеи красива, зубы -яд;
уу жут-
1) принимать яд;
2) перен. испытывать горечь, боль душевную;
суу ич десе, уу ичкен фольк. ему приказали пить воду, а он пил яд (т.е. проявил усердие не по разуму);
уу ичкен бир өлөт, ант ичкен миң өлөт погов. принявший яд раз умирает, принявший присягу тысячу раз умирает (принятие присяги считалось делом зазорным);
уу ичкендей кыл- или уу ичкендей кыр- (о людях, живых существах) свалить всех (многих) разом и наповал;
ажыдаардын уусуна алтымыш күндөп чылаган фольк. (меч) он шестьдесят дней мочил в яде дракона;
таяктын уусу боль от удара палкой; боль от побоев;
таяктын уусуна колум сенек болгон рука моя отнялась от жгучих ударов (по ней) палкой;
2. приёмы, секреты;
жолдун уусу секреты пути (преграды, неровности и т.п.);
жолдун уусун билбеген киши баштай албайт человек, который не знает секретов (данного) пути, не может быть проводником;
жол билбейм десе, жол уусун билгендер да табылат если он скажет что не знает дороги, то найдутся и такие, которые знают секреты пути;
устанын уусун билгенче, темирдин суусун бил погов. прежде чем изучить приёмы кузнеца, изучи закалку железа (стали).
уу II
1. охота (гл. обр. на зверя, на диких парнокопытных);
мойнунан байлаган ит ууга жарабайт погов. собака, привязанная за шею, для охоты не годится;
уу уула- или уу кыл- охотиться;
ууга чык- выходить или выезжать на охоту;
2. охота с сетями на птиц.
уу III
"уу" десе, "чуу" дейт он из мухи слона делает (букв. если скажут "уу", так он скажет "чуу");
уу-чуу или уу-дуу крик, гомон, гвалт;
эмне үчүн уу-чуу келесиңер (или болосуңар) ? что вы такой гвалт подняли?
уу IV
ар.
(ху - он, т.е. бог) возглас, которым дервиши сопровождают свои радения;
таң атканча "уу!" деген эшендерди там басты фольк. (вовремя землетрясения) дома задавили дервишей, которые до рассвета восклицают "уу!".

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Ууктуруучу зат. Билбеген уу да ичет (макал). Жыландын териси кооз, тишиуу (макал).
2. өт. Кайгы, зар, муң, азап. Муну көрүп, аны уккан соң, карынын жүрөгүн уу, кыялдарын дат алды (Аалы). Асан карыя көптү көргөн, ичпеген суусу, татпаган уусу жоктур (Аалы).
3. өт. Жан кейите турган, жанга баткан. Курбалынын көзүнчө катуу кагуу жеп.
сөөктү сыздаткан уу тил угуп, Көкө шалдая түштү (Касымбеков). Уу тырмагын манаптар, Кабыргага батырган (Тоголок Молдо).
УУ II зат. 1. Мергенчилик, аңчылык, балык кармоочулук. Атышып аркар, кулжа үч бир тууган, Ар күнү уу уулашты ойдон-кырдан (Үмөталиев). Мергендин адаты ууга чыгыш, менин адатым шыралга алыш (Байтемиров).
2. Кандайдыр бир иштин шарты, ыгы, жолу, жөн-жайы, ички сыры. Жердин уусун билишкен, Кебек өзүнүн он аскери менен жол чалып келе жатат (Жантөшев).
УУ III: уу-чуу же уу-дуу зат. Тартипсиз, баш аламан чыккан үндөр, кыйкырык-өкүрүк, чуулдаган, дуулдаган дабыш. Даша уу-чууга аралаш жүрүп олтурду (Сасыкбаев). Базарбек айылга жакындаганда уу-чуунун үстүнөн чыкты (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Биринин сөзүн бири укпай дуулдаган, баш аламан түшкөн абалда болуу, кыйкырык, ызы-чуу боло берүү. Марат балалайка менен ырдап киргенде улам бири сүрөп, бул комната өзүнчө эле уу-дуу боло берет (Өмүрбаев). В.: Уу-чуу болуу. Согуш! деген кабар угулганда айыл ичи дурбөлөң түшүп, бир заматта уу-чуу боло түштү («Ала-Тоо»). Уу-чуу түшүү. Чоң-кичине кызматтагылар уу-чуу түшүп, таанышууга ар ким өзүнчө камылга көрө баштады («Кыргызстан маданияты»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
молозиво (в кипячёном виде в киргизском быту считается лакомством);
уйдун тууруна күтүп, уузуна күтпөптүр погов. отёла коровы дождался, а молозива не дождался (долго ждал, а самого важного момента не дождался);
туубаган уйдун уузу или кысыр уйдун уузу перен. журавль в небе (букв. молозиво неотелившейся или яловой коровы);
ууз кымыз кумыс из молока начального периода лактации кобылиц;
жумурдун уузу сычужина ягнёнка (употребляется для сквашивания молока);
жумурунда уузу жок обжора, жадный;
жумурунда уузу жок тоймоюнча "кел" дебейт обжора не скажет "прошу", пока сам не насытится;
ууз бозо буза первой закваски, буза-первач, лучшая буза;
сиз бозоңуздун уузун өзүнүз ичсеңиз керек свою лучшую бузу вы, видимо, сами пили (никого не угощали);
ууз арча молодая стройная арча;
ууз кайың молодая стройная берёза;
ууз эт нежное тело;
ууздай ровный, прямой; складный; аккуратный, с иголочки (об одежде); нежный (о теле);
ууздай болгон ак эти ар жеринен көрүндү фольк. её нежное белое тело (сквозь изодранную одежду) виднелось в разных местах;
башында ууздай калпак на голове у него аккуратный колпак;
ууздай кыз-келиндер девицы-молодицы как на подбор (одна другой лучше);
ууздай тунук настоящий, чистый, без примеси;
менин билүүмчө "Манастын" ууздай тунугун Тыныбек айтса керек эле насколько я знаю, настоящий (эпос) "Манас" исполнял, видимо, Тыныбек.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Туурдун, төрөрдүн алдында жана туугандан, төрөгөндөн кийинки биринчи мезгилдерде чыгуучу коюу сүт. Куудай аппак эгиз эрке козулар, Уузга тоюп, үргүлөшөт ойгонбой (Аалы). Уктай берет жаш бала, Уузга тойсо ойгонбой (Осмонкул).
2. өт. Жаш, жаңы, жетиле элек. Ууз талдай буралтып, Ак кайыңдай бүрдөтүп (Осмонкул). Ал күндөн баштан күңүрт элес калган, Кырчындай ууз элек, жаштык кайран (Абдыраманов). Ууз кымыз.
3. өт. Таза, кирсиз. Жайкы желдин жыпар ууз жытына Уй да, кой да, малчыларым тең шерик (Осмонкул).
Тууй элек уйдун уузуна күтүү — эч бир дайыны жок эле бир нерсеге күтүү, жакында болор-болбосу белгисиз болгон нерсени күтүү.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Туурдун, төрөрдүн алдында жана туугандан, төрөгөндөн кийинки биринчи мезгилдерде чыгуучу коюу сүт. Куудай аппак эгиз эрке козулар, Уузга тоюп, үргүлөшөт ойгонбой (Токомбаев). Уктай берет жаш бала, Уузга тойсо ойгонбой (Осмонкул). 2. өт. Жаш, жаңы, жетиле элек. Ууз талдай буралтып, Ак кайыңдай бүрдөтүп (Осмонкул). Ал күндөн баштан күңүрт элес калган, Кырчындай ууз элек, жаштык кайран (Абдыраманов). Ууз кымыз. 3. өт. Таза, кирсиз. Жайкы желдин жыпар ууз жытына, Уй да, кой да, малчыларым тең шерик (Осмонкул). Ууз жыттуу койнуңда мен төрөлүп, Уулуң болуп калганга, мактанамын! (Алыбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ууктуруучу зат. Билбеген уу ичет (макал). Жыландын териси кооз, тиши – уу (макал). 2. өт. Кайгы, зар, муң, азап. Муну көрүп, аны уккан соң, карынын жүрөгүн уу, кыялдарын дат алды (Токомбаев). Асан карыя көптү көргөн, ичпеген суусу, татпаган уусу жоктур (Токомбаев). 3. өт. Жан кейите турган, жанга баткан. Курбалынын көзүнчө катуу кагуу жеп сөөктү сыздаткан уу тил угуп, Көкө шалдая түштү (Касымбеков). Уу тырмагын манаптар, Кабыргага батырган (Тоголок Молдо).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Мергенчилик, аңчылык, балык кармоочулук. Атышып аркар, кулжа үч бир тууган, Ар күнү уу уулашты, ойдон-кырдан (Үмөталиев). Мергендин адаты ууга чыгыш, менин адатым шыралга алыш (Байтемиров). 2. Кандайдыр бир иштин шарты, ыгы, жолу, жөн-жайы, ички сыры. Жердин уусун билишкен, Кебек өзүнүн он аскери менен жол чалып келе жатат (Жантөшев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
уук I
унина (жердь купола юрты);
ууктун алаканы плоская (нижняя) часть унины;
ууктун учу верхний конец унины;
ууктун билеги наружная сторона низа унины;
ийри талдардан жасалган жаман ууктар плохие унины, сделанные из кривого тала;
уугум сага айтамын, уулум сен ук погов. тебе, унина моя, говорю, ты, сын мой, слушай;
кызыл уук оголённые унины, непокрытая юрта;
кызыл уук болуп в спешке, поспешно; в переполохе, в панике;
эл, кызыл уук болуп, качып кетти народ в панике убежал;
кызыл уук кыл- разгромить и разграбить дочиста;
ууктун учу сынбаган он не подвергался даже и малейшему разгрому (букв. конец его унины не ломался).
уук- II
отравляться.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Боз үйдүн түндүгү менен керегесин бириктирүүчү, түндүккө бириге турган жагы учтуу, керегеге бириге турган жагы бир аз ичин көздөй ийилип, жалпак келген, боолуу, узун жыгач. Талдан жасалган уук (Жантөшев). Асан карыянын үйүнүн ууктары сыртынан саналат (Аалы).
УУК II этиш. 1. Уулануу. Бардыгы уугуп калгансып жымжырт (Жантөшев).
2. өт. Жаны күйүү, жанына батуу. Бөтөнчө акыркы сөздү укканда Шарип уугуп кетти (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
«Ууктарын нылдаган, Каалга менен босого, Канча түрдөп сырдаган» («Манас») уук жыгачы түндүк менен керегени бириктирет. Орточо алганда ууктун алаканынын (билеги) керегеге байлануучу жагынын узундугу 45—55—47—57 см, эни 2—35, 2,2—36 мм келет. Анын аягында көзөнөкчөсүндө «уук боосу» болот. Уук керегеге ошону менен байланып бекийт. Уук учу 2,2—2,5 см төрт кыр учталат. Ууктун жалпы узундугу орточо 2,5—3 метрдей келет. Боз үйдүн башкы босогосунан (босого жыгачтан) үстүнө төрт кыска эшик уук сайылат. Керегенин жайылышы аркылуу боз үйдүн көлөмү менен көркү аныкталат.
      Уук ийүүдө да чен бирдиктери так сакталат. Эгер 75 баштуу үй болсо ууктун узундугу үч метр, 65 баштуусунуку 2,8 метр, 55 баштуунуку, 2,6 метр болот. Мында ууктардын жоон-ичкелиги бирдей келет. Анын түп жагынын жоондугу — 16 см ге, баш жагы 8 см ге барабар. Ууктун алаканынын жазылыгы төрт см, узундугу 70 см, ошондо алаканга сегиз сай чыгат. Ууктун башынан уук жип байлоочу тешигине чейин сегиз-он см болот да, уук учунаЭО0 кыйгач кесип, керегенин сырткы капталына-билегине такалат. Ал канат чийди тиреп жыртпайт, уук ылдый кетпейт.
      Илгери уукту билегине карата чуңкур казып, ошого коюп, үстүнө таш бастыруучу. Керегелик жыгачты да жерге казып жөлөөчү. Ал көптө барып кургаган. Кургагандан кийин аны бирден алып, кыргыга койгон. (Ат-Башыда ченөөчү жыгачты «бакшы жыгач» — дейт. Ошо менен өлчөп, кереге көктөлөт. Көктөн чыкканда бир аз карайып калган жыгач тарткы аркылуу агартылат.)

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
кереге баштардын кайчы чалып, уук менен тыкан байлап беките турган эшилген жип, же аркак салынып, түрдүү жиптен чалынган ичке сызма. Ал уук башындагы көзөнөккө бекитилет, мунун узуну бир метрдей (кулач) келет да, көчкөндө жыйналган ууктардын баштары ушул уук боо менен имере чалына байланат. Уук боого түшүрүлгөн кооздуктар сызмага окшошот.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Боз үйдүн түндүгү менен керегесин бириктирүүчү, түндүккө бириге турган жагы учтуу, керегеге бириге турган жагы бир аз ичин көздөй ийилип, жалпак келген узун жыгач. Талдан жасалган уук (Жантөшев). Асан карыянын үйүнүн ууктары сыртынан саналат (Токомбаев).

Русско-кыргызский словарь переводов Чоробека Сааданбекова

Аконит, борец (лат. Aconitum), — род ядовитых многолетних травянистых растений семейства лютиковые (Ranunculaceae) с прямыми стеблями и с чередующимися дланевидными листьями. В Кыргызстане растет борец каракольский (Aconitum karakolicum) и борец джунгарский (Aconitum soongaricum).


По современным представлениям, «аконит — крайне ядовитое растение, применение его в медицине недопустимо и опасно для жизни даже при традиционном наружном применении»[5]. Первая помощь при отравлении аконитом — промывание желудка и приём активированного угля, для дальнейших действий необходима помощь врача[6]. В частности, рекомендуется внутривенное введение глюкозы, при судорогах — внутривенное введение противосудорожных препаратов, таких, как оксазепам[6].

 

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
(уук кап) «Ууктарын учтатып, учу сайын ууктун, учуна манат тыштатып» («Манас»), Топ ууктун учуна кийгизилүүчү кийиз менен таардан ичтелип жасалган баштык (кап). Чечилип жүктөөгө даярдалган боз үйдүн тепетең экиге бөлүнгөн ууктары «уук боо» аркылуу ороло байланат. Көчкөндө уук учтары сынбасы үчүн атайын уук кап тигилген. Мунун узуну бир метрдей, оозунун диаметри... см дей келип, аны беките байлоочу башында топ чачыланган боосу болот. Уздар муну да адими буюмдай кештелеп, бетине кооз оюмдарды жана көчөттөрдү түшүрүшкөн. Ал көчкөндө көч үстүндө көркөм көрүнгөн.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. сын;
тондуу уул усыновлённый ребёнок (мальчик);
тонсуз уул родной сын;
бакма уул воспитанник;
олжолснуп кул болгон, Кутманга бакма уул болгон фольк. попав в плен, стал рабом, стал воспитанником Кутмана;
уулдары баатыр кыргыздын фольк. сыны киргизские - герои;
2. редко ребёнок, дитя (независимо от пола);
эркек уул мальчик, сын;
эркек уул мында жок, жалаң кыз балдары бар экен мальчиков здесь нет, есть только девочки;
Айчүрөктүн баласы эгерде эркек уул болсо фольк. если дитя Айчурек окажется мальчиком;
3. перен. молодец;
ой, баракелди ай, уул экен! вот это да! молодец, оказывается, он!;
мен, ыраазы, уул экенсиң! я доволен, ты молодец!;
ата (нын) уулу молодец; молодец; достойный;
4. уст. с притяж. аффиксом 3 л. (уулу) соответствует русскому фамильному окончанию: Малик уулу Маликов;
5. в игре в тогуз коргол (см. коргол):
уч уул три камешка в одной лунке (выигрыш);
беш уул пять камешков в одной лунке (проигрыш);
жети уул семь камешков в одной лунке (проигрыш);
тогуз уул девять камешков в одной лунке (проигрыш);
уул табар кончик сычуга (жумур см. III) у овцы (по старому поверью, съевшая это женщина родит сына).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Эркек бала. Уулуң өссө – урумга, кызың өссө – кырымга (макал). Колунда бир уул, бир кызы бар (Сыдыкбеков). Уул жакшысы – урмат (макал). 2. Тогуз коргоол оюнунда бир уяга түшкөн үч коргоол.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I этиш. 1. Ууландыруу; ууктуруу. Уулап койгон эт.
2. өт. Жан кейитүү, жанына батуу. [Унчукпады] менин сөзүм, Денин уулап кеткендей (Нуркамал).
УУЛА II этиш. Аңчылык кылуу, мергенчилик кылуу, балык кармоо. Аркар уулап, бугу кууп, Элемандын сырттаны («Эр Төштүк»). Жигиттер, арык бойлоп балык уулап жүрөсүңөрбү? (Бейшеналиев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УУЛАНДЫРУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ БАР ХИМИЯЛЫК ЗАТ – өндүрүү, пайдалануу, ташуу шарттарында, ошондой эле турмуш-тиричиликте колдонууда адамдын денсоолугуна жана айлана-чөйрөгө жагымсыз таасир көрсөтүшү мүмкүн болгон зат (бирикме).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УУЛАНУУ ЫШКЫСЫ (ТОКСИКОМАНИЯ) (гр. toxikоn – уу жана mania – алаңгазардык, шаттангандык) – ченемдик актыларда баңгилик катары таанылбаган (дарылык жана турмуш-тиричиликтик У. ы.) заттарды ашыкча колдонуу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
(ср. улжан)
название лекарственного травянистого растения;
уулжан берип, ичинен эски дартын буздуруп фольк. дав (больному) уулжан, старую болезнь победил (букв. разрушил).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
биол. Чайырлар тукумуна кирген, сабагында, мөмөсүндө, тамырында эфир майы бар, илгертеден эл арасында аш казан, айрым жараат ооруларын дарылоого пайдаланылып келген көп жылдык өсүмдүктүн түрү. Уулжан болсо уулум өлбөйт эле (макал).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УУЛУУ ЗАТТАРДЫ ТААНУУ (ТОКСИКОЛОГИЯ) (гр. toxikоn – уу жана lуgos – сөз, окуу) – уулуу заттар, алардын келип чыгуусу, химиялык курамы жана касиеттери, тирүү жанга тийгизген таасири, аныктоо ыкмалары, уулануу менен күрөшүү жана аларды алдыналуу жөнүндө илим. У. з. т. сот медицинасынын жана криминалчылык техниканын бөлүгү катары биологиялык материалдагы (өлүктүн бөлүктөрүнөн, ашказандын ичиндегилерден, дене суюктуктарынын), заттардан же жыйындылардан уулуу затарды табуу менен алектенет, канда алкоголдун болушун аныктайт же баңги ууларын окшоштурат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бала-чакасы өсүп жетилүү, этек-жеңи жайылуу, акар-чакар болуу. Уулум учка, кызым кырга жетип жаткан мени каакы ордуна көрбөйсүң (Сыдыкбеков). В.: Уулу урумга, кызы кырымга жетүү. Баягы Айнагүл жок, уулу урумга, кызы кырымга жетип, чатырап турган кези («Кыргызстан маданияты»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Бирөөнүн малын, мүлкүн же коомдук мүлктү көрсөтпөй, билдирбей, уруксатсыз алып кетүү, катып алуу, кымтып алуу. Алтынын көрүп бирөөнүн «Алсам» деп уурдап, оолукпа (Осмонкул). Сенин болот өгөөңдү Кемпир уурдап алыптыр («Эр Төштүк»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көрсөтпөй, билдирбей, уруксатсыз алып кетүү, катып алуу, кымтып алуу. Алтынын көрүп бирөөнүн «Алсам» деп уурдап, оолукпа (Осмонкул). Сенин болот өгөөңдү Кемпир уурдап алыптыр («Эр Төштүк»).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бул сөз уур+ла бөлүктөрүнөн турат. Уур уңгусу – ууру деген сөздүн аяккы у тыбышы түшкөн варианты. Ага этиш жасоочу -ла мүчөсү уланган. Уңгунун аягында үнсүз болбогондуктан -ла мүчөсү үнсүздөн кийин -да болуп уланууга туура келген.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УУРДОО – КР кылмыш-жаза мыйзамында каралган менчикке каршы кылмыштын бир түрү; башка бирөөнүн мүлкүн жашыруун У. У-ну квалификациялоо белгилери: адамдар тобу тарабынан жасалган, алдынала макулдашуу аркылуу адамдар тобу тарабынан жасалган, кайталанып жасалган, ири өлчөмдө жасалган, чөнтөк У. Анын өзгөчө квалификациялануучу түрлөрүнө: уюшулган топ тарабынан жасалган, өтө ири өлчөмдө, уурдагандыгы же опузалап алгандыгы үчүн мурда 2 же андан көп жолу соттолгон адам тарабынан жасалган, туракжайга же башка сактоо жайларына мыйзамсыз кирүү аркылуу жасалган У-лор кирет.

Киргизско-русский словарь Юдахина
середина внутренней части щеки;
уурттун жамажайы (или просто жамажай) внутренняя часть щеки между углом губ и собственно уурт;
сол жакы уурту менен күлүмсүрөп койду он улыбнулся левым углом губ;
уурттары жылмайып, эки бетинен, билинер-билинбес болуп, кипкичинекей эки чуңкурча көрүндү углы губ её сложились в улыбку, а на щеках её показались чуть заметные ямочки;
ууртунан май чубуртуп
1) размазывая жир по губам;
2) перен. чревоугодничая;
уурту салаңдаган щёки у него рыхлые и отвисшие (как напр. у бульдога);
ууртун салаңдатып распустив свои рыхлые щёки;
атынын уурту жарылып канап келатат губы его коня разодраны (удилами), течёт кровь;
уурттарды чулчуйт- надуть жирные щёки, надуться (о толстощёком);
уурттарын чулчуйтуп, кеп айталбай, башын ийкей берген надувшись, он не мог слова сказать, (только) кивал головой (в знак согласия, одобрения);
уурт тартмай или ууртка тартмай детская игра: надувают щеку и щёлкают по ней пальцем.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Эриндин кычыктарына тийишип турган бет бөлүгү. Өрмө камчынын учу оролуп келип Алымкулдун ууртуна тийди (Абдукаримов). [Чоң эненин] жумшак уурту булкуп-булкуп тартты (Сыдыкбеков).
Ууртунан жылмаюу — акырын билинер-билинбес күлүп коюу, күлүмсүрөө. Аскар акырын ууртунан жылмайды (Сыдыкбеков). Абдыкерим аке сакалын сылай, ууртунан жылмайып, чалкалай отурду (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эриндин кычыктары, кычыктын айланасындагы жумшак эттүү бөлүк. Өрмө камчынын учу оролуп келип Алымкулдун ууртуна тийди (Абдукаримов). Чоң эненин жумшак уурту булкуп-булкуп тартты (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Шимирип жибербестен, ууртун толтура бөлүп-бөлүп кичинеден ичүү. Арыктын жээгинде отуруп, сол колум менен суу ууртап, бир аз эс алдым (Абдукаримов). Алым нандан тиштеп, чайдан ууртады (Жантөшев).
Ууртап-татуу — кичинеден, аз-аздан ичүү. Ууртап-татып жүрүп Көкө да [тоюп алган] (Касымбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
хлебать, глотать;
уяты жоктун колуна кашык тийсе, беш ууртайт погов. если дурному попадёт в руки ложка, он пять раз хлебнёт (в старом быту чашка с жидкой пищей и ложка шли по кругу; каждый, хлебнув раз-два, передавал другому);
күндө келген күл ууртайт, айда келген май ууртайт погов. кто каждый день приходит, золу глотает, кто в месяц раз приходит, жир глотает;
кан уурта- убить (букв. хлебать кровь; от древнего обычая хлебнуть крови убитого врага);
кан ууртай элегиңде кайра бур! поворачивай обратно, пока тебя не убили!;
каныңды ууртабасам! не я буду, если не убью тебя!;
туз ууртагандай ичи ачышты его задело за живое (букв. у него нутро защипало, будто он соли проглотил).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Шимирип жибербестен, ууртун толтура бөлүп-бөлүп кичинеден ичүү. Арыктын жээгинде отуруп, сол колум менен суу ууртап, бир аз эс алдым (Абдукаримов). Алым нандан тиштеп, чайдан ууртады (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Акырын билинер-билинбес күлүп коюу, күлүмсүрөө. Аскар акырын ууртунан жылмайды (Сыдыкбеков). – Аны атаң, апаң менен акылдаш, – деп чоң ата ууртунан жылмайды (Жусупов). Шылдың сөзгө Жекшен ууртунан жылмая жалт карап коюп, чыгып кетти (Осмоналиев). Жапардын бул сөзүн кулагы чалган Асыл ууртунан жылмайып койду («Ала-Тоо»). В.: Ууртунан күлүү. – Кандай жаңылыкты сурайсың? – деп Арзыкул ууртунан күлүп койду (Жусупов). Асылбек да ууртунан күлдү (Абакиров).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. вор;
уурусу күчтүү (или күч) болсо, ээси өлөт или уурусу күч болсо, ээсин коркутат погов. если вор силён, то хозяин погибает или если вор силён, он хозяина пугает;
ууру алып кетиптир вор утащил;
ууру басып, үйгө кирген он вошёл в дом крадучись;
ууру тут- считать вором; подозревать в воровстве;
ууруларча воровски, тайно, крадучись;
ууру-төгүн всякие такие воры, воры-плуты;
2. воровство;
ууру кыл- воровать;
көрбөйт деп, ууру кылба погов. не воруй, полагая, что не увидят;
жулук ууру см. жулук;
түндүктөн түшмө ууру опытный и крупный вор.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Бирөөнүн же коомдун малын, мүлкүн ж. б. көрсөтпөй, билдирбей, уруксатсыз уурдап алган киши, уурулук кылууга кынык алган, үйрөнгөн киши. Уурусу күч болсо, ээсин коркутат (макал).
2. Уурулук. Укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба (макал).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бирөөнүн же коомдун малын, мүлкүн ж. б. көрсөтпөй, билдирбей, уруксатсыз уурдап алган киши, уурулук кылууга кынык алган, үйрөнгөн киши. Уурусу күч болсо, ээсин доого жыгат (макал). 2. Уурулук. Укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба (макал).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тоскоолдук, жолу болбоочулук, иши оңунан чыкпоочулук. Мен ууру кылган түнү ай жарык дегендей, дайыма эле мен бирдеме алайын десем кымбаттап кетет. Мен ууру кылган түнү ай жарык болуп калчу эле, ишти баштагандан чочулап турам.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргыз тилиндеги урчуй, урчугуй сөздөрү мааниси боюнча учтуй, учтугуй сөздөрүнө барабар келет. Ошондуктан урч уңгусу менен уч уңгусу тектеш деп эсептөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Байыркы түрк тилинде урчуй, урчугуй сөздөрү колдонулган эмес. Ушуга караганда урчуй, урчугуй сөздөрүнүп урч уңгусу алгачкы уч деген сөздүн составына р тыбышы кошулуудан келип чыгышы мүмкүн. Кийин сөздүн башындагы кыска үндүү у созулуп айтылып, уурчук сөзү жаралган.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Сөөккө жеткен, жанга баткан, жан кейите турган ачуу, жаман сөз. Курбуларынын көзүнчө, ушу кара курсактын айынан катуу кагуу жеп, сөөктү сыздаткан уу тил угуп, Көкө шалдая түштү (Касымбеков). Бирок Акия деле өктөсүн берген жери жок.Уу тил менен Чаргынды сайып алгандай кеп айтып жатат (Сыдыкбеков). Уу тил менен баягыдан бетер какшыкты кучөттү (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сөөккө жеткен, жанга баткан, жан кейите турган ачуу, жаман сөз. Курбуларынын көзүнчө, ушу кара курсактын айынан катуу кагуу жеп, сөөктү сыздаткан уу тил угуп, Көкө шалдая түштү (Касымбеков). Бирок Акия деле өктөсүн берген жери жок, уу тил менен Чаргынды сайып алгандай кеп айтып жатат (Сыдыкбеков). Уу тил менен баягыдан бетер какшыкты күчөттү (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аябай эзүү, абдан кыйноо, азап чектирүү. Уу тырмагын манаптар, Кабыргага батырган (Тоголок Молдо). Ач бүркүткө түлкүдөй, Алдыргансың, замана. Уу тырмакты кедейге, Батыргансың замана (Токтогул). В.: Уу тырмагын салуу. Шат турмуштун жыргал доорун сүрөрдө, Уктук душман уу тырмагын салганын (Нуркамал).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Мыкаачы, зулум, канкор. Алардын ордун уу тырмак, Калпа ээледи (Бейшеналиев). Касымбектей уу тырмактан бошонуп чыгууга үстөкө-босток түптөгү уездин чоңдоруна арыз жеткиришти (Бейшеналиев). В.: Уу чеңгел. Кулаалынын уу чеңгелинен кутулган кептердей келаткан неме, айыл көрүнгөндө гана тизгинин жыйды (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Колдун манжаларын алаканды көздөй ийип бүрүштүргөндөгү абал; ошол абалда колдун ичине туура келген өлчөм, чен. Жаргылчактын оюгуна бир ууч жүгөрүнү салат да, туткасынан кармап жай тегеретет («Ала-Тоо»).
Кош ууч — эки колдун алакандарын бириктирип, бири-бирине тийиштирип туруп манжаларын ичин көздөй ийгендеги абал, кочуш. [Ашым бөдөнөгө карап] «Байгеңе» бир чоң кош ууч тартуу беремин (Сыдыкбеков). Бир ууч — аз, бир аз сандагы, бир аз гана.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Колдун манжаларын алаканды көздөй ийип бүрүштүргөндөгү абал, ошол абалда колдун ичине туура келген өлчөм, чен. Жаргылчактын оюгуна бир ууч жүгөрүнү салат да, туткасынан кармап жай тегеретет («Ала-Тоо»)

Киргизско-русский словарь Юдахина
брать горстью, брать в горсть;
уучтап келип, топурак салып жатышты они брали по горсти земли и бросали в могилу (отдавая последний долг);
кош уучтап (или кошуучтап или кочууштап) пригоршней, пригоршнями;
капка батпай калганын, кочууштап, уучтап алышып, куржунуна салышып фольк. то, что не вмещалось в мешки, они брали пригоршнями, горстями и клали в перемётные сумы;
кочууштап ич- пить из пригоршни.

Киргизско-русский словарь Юдахина
взаимн. от уучта-;
кол уучташып беря попеременно пятерню друг друга в свою горсть;
узун жендердии ичинде кол уучташып экөө тымызын сүйлөшөт (базарные маклеры) в длинных рукавах держат попеременно пятерню друг друга (и тайно от покупателя, продавца и посторонних договариваются о цене).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жалгыз эмес, жок эмес, башкасы да бар. Баатырдан туяк калган турбайбы, уучуңуз куру эмес экен, белиңизге таңуу бар турбайбы, кутманым! (Касымбеков). Темириң сынса Болотуңуз аман, уучуңуз куру эмес, Теңирберди аке... (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жалгыз эмес, жок эмес, башкасы да бар. Баатырдан туяк калган турбайбы, уучуңуз куру эмес экен, белиңизге таңуу бар турбайбы, кутманым! (Касымбеков). Темириң сынса Болотуңуз аман, уучуңуз куру эмес, Теңирберди аке... (Касымбеков).