уурта
Толковый словарь кыргызского языка (1969) этиш. Шимирип жибербестен, ууртун толтура бөлүп-бөлүп кичинеден ичүү. Арыктын жээгинде отуруп, сол колум менен суу ууртап, бир аз эс алдым (Абдукаримов). Алым нандан тиштеп, чайдан ууртады (Жантөшев).
♦Ууртап-татуу — кичинеден, аз-аздан ичүү. Ууртап-татып жүрүп Көкө да [тоюп алган] (Касымбеков).
♦Ууртап-татуу — кичинеден, аз-аздан ичүү. Ууртап-татып жүрүп Көкө да [тоюп алган] (Касымбеков).