Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Колдун манжаларын алаканды көздөй ийип бүрүштүргөндөгү абал; ошол абалда колдун ичине туура келген өлчөм, чен. Жаргылчактын оюгуна бир ууч жүгөрүнү салат да, туткасынан кармап жай тегеретет («Ала-Тоо»).
Кош ууч — эки колдун алакандарын бириктирип, бири-бирине тийиштирип туруп манжаларын ичин көздөй ийгендеги абал, кочуш. [Ашым бөдөнөгө карап] «Байгеңе» бир чоң кош ууч тартуу беремин (Сыдыкбеков). Бир ууч — аз, бир аз сандагы, бир аз гана.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Колдун манжаларын алаканды көздөй ийип бүрүштүргөндөгү абал, ошол абалда колдун ичине туура келген өлчөм, чен. Жаргылчактын оюгуна бир ууч жүгөрүнү салат да, туткасынан кармап жай тегеретет («Ала-Тоо»)

Киргизско-русский словарь Юдахина
брать горстью, брать в горсть;
уучтап келип, топурак салып жатышты они брали по горсти земли и бросали в могилу (отдавая последний долг);
кош уучтап (или кошуучтап или кочууштап) пригоршней, пригоршнями;
капка батпай калганын, кочууштап, уучтап алышып, куржунуна салышып фольк. то, что не вмещалось в мешки, они брали пригоршнями, горстями и клали в перемётные сумы;
кочууштап ич- пить из пригоршни.

Киргизско-русский словарь Юдахина
взаимн. от уучта-;
кол уучташып беря попеременно пятерню друг друга в свою горсть;
узун жендердии ичинде кол уучташып экөө тымызын сүйлөшөт (базарные маклеры) в длинных рукавах держат попеременно пятерню друг друга (и тайно от покупателя, продавца и посторонних договариваются о цене).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жалгыз эмес, жок эмес, башкасы да бар. Баатырдан туяк калган турбайбы, уучуңуз куру эмес экен, белиңизге таңуу бар турбайбы, кутманым! (Касымбеков). Темириң сынса Болотуңуз аман, уучуңуз куру эмес, Теңирберди аке... (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жалгыз эмес, жок эмес, башкасы да бар. Баатырдан туяк калган турбайбы, уучуңуз куру эмес экен, белиңизге таңуу бар турбайбы, кутманым! (Касымбеков). Темириң сынса Болотуңуз аман, уучуңуз куру эмес, Теңирберди аке... (Касымбеков).