Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Колдун манжаларын алаканды көздөй ийип бүрүштүргөндөгү абал; ошол абалда колдун ичине туура келген өлчөм, чен. Жаргылчактын оюгуна бир ууч жүгөрүнү салат да, туткасынан кармап жай тегеретет («Ала-Тоо»).
Кош ууч — эки колдун алакандарын бириктирип, бири-бирине тийиштирип туруп манжаларын ичин көздөй ийгендеги абал, кочуш. [Ашым бөдөнөгө карап] «Байгеңе» бир чоң кош ууч тартуу беремин (Сыдыкбеков). Бир ууч — аз, бир аз сандагы, бир аз гана.