УУ ТИЛ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Сөөккө жеткен, жанга баткан, жан кейите турган ачуу, жаман сөз. Курбуларынын көзүнчө, ушу кара курсактын айынан катуу кагуу жеп, сөөктү сыздаткан уу тил угуп, Көкө шалдая түштү (Касымбеков). Бирок Акия деле өктөсүн берген жери жок, уу тил менен Чаргынды сайып алгандай кеп айтып жатат (Сыдыкбеков). Уу тил менен баягыдан бетер какшыкты күчөттү (Бейшеналиев).