середина внутренней части щеки; уурттун жамажайы (или просто жамажай) внутренняя часть щеки между углом губ и собственно уурт; сол жакы уурту менен күлүмсүрөп койду он улыбнулся левым углом губ; уурттары жылмайып, эки бетинен, билинер-билинбес болуп, кипкичинекей эки чуңкурча көрүндү углы губ её сложились в улыбку, а на щеках её показались чуть заметные ямочки; ууртунан май чубуртуп 1) размазывая жир по губам; 2) перен. чревоугодничая; уурту салаңдаган щёки у него рыхлые и отвисшие (как напр. у бульдога); ууртун салаңдатып распустив свои рыхлые щёки; атынын уурту жарылып канап келатат губы его коня разодраны (удилами), течёт кровь; уурттарды чулчуйт- надуть жирные щёки, надуться (о толстощёком); уурттарын чулчуйтуп, кеп айталбай, башын ийкей берген надувшись, он не мог слова сказать, (только) кивал головой (в знак согласия, одобрения); уурт тартмай или ууртка тартмай детская игра: надувают щеку и щёлкают по ней пальцем.
Эриндин кычыктары, кычыктын айланасындагы жумшак эттүү бөлүк. Өрмө камчынын учу оролуп келип Алымкулдун ууртуна тийди (Абдукаримов). Чоң эненин жумшак уурту булкуп-булкуп тартты (Сыдыкбеков).
этиш. Шимирип жибербестен, ууртун толтура бөлүп-бөлүп кичинеден ичүү. Арыктын жээгинде отуруп, сол колум менен суу ууртап, бир аз эс алдым (Абдукаримов). Алым нандан тиштеп, чайдан ууртады (Жантөшев).
♦Ууртап-татуу — кичинеден, аз-аздан ичүү. Ууртап-татып жүрүп Көкө да [тоюп алган](Касымбеков).
хлебать, глотать; уяты жоктун колуна кашык тийсе, беш ууртайт погов. если дурному попадёт в руки ложка, он пять раз хлебнёт (в старом быту чашка с жидкой пищей и ложка шли по кругу; каждый, хлебнув раз-два, передавал другому); күндө келген күл ууртайт, айда келген май ууртайт погов. кто каждый день приходит, золу глотает, кто в месяц раз приходит, жир глотает; кан уурта- убить (букв. хлебать кровь; от древнего обычая хлебнуть крови убитого врага); кан ууртай элегиңде кайра бур! поворачивай обратно, пока тебя не убили!; каныңды ууртабасам! не я буду, если не убью тебя!; туз ууртагандай ичи ачышты его задело за живое (букв. у него нутро защипало, будто он соли проглотил).
Шимирип жибербестен, ууртун толтура бөлүп-бөлүп кичинеден ичүү. Арыктын жээгинде отуруп, сол колум менен суу ууртап, бир аз эс алдым (Абдукаримов). Алым нандан тиштеп, чайдан ууртады (Жантөшев).
Акырын билинер-билинбес күлүп коюу, күлүмсүрөө. Аскар акырын ууртунан жылмайды (Сыдыкбеков). – Аны атаң, апаң менен акылдаш, – деп чоң ата ууртунан жылмайды (Жусупов). Шылдың сөзгө Жекшен ууртунан жылмая жалт карап коюп, чыгып кетти (Осмоналиев). Жапардын бул сөзүн кулагы чалган Асыл ууртунан жылмайып койду («Ала-Тоо»). В.: Ууртунан күлүү. – Кандай жаңылыкты сурайсың? – деп Арзыкул ууртунан күлүп койду (Жусупов). Асылбек да ууртунан күлдү (Абакиров).