уурт
Толковый словарь кыргызского языка (1969)зат. Эриндин кычыктарына тийишип турган бет бөлүгү. Өрмө камчынын учу оролуп келип Алымкулдун ууртуна тийди (Абдукаримов). [Чоң эненин] жумшак уурту булкуп-булкуп тартты (Сыдыкбеков).
♦Ууртунан жылмаюу — акырын билинер-билинбес күлүп коюу, күлүмсүрөө. Аскар акырын ууртунан жылмайды (Сыдыкбеков). Абдыкерим аке сакалын сылай, ууртунан жылмайып, чалкалай отурду (Абдукаримов).