УУРТУНАН ЖЫЛМАЮУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Акырын билинер-билинбес күлүп коюу, күлүмсүрөө. Аскар акырын ууртунан жылмайды (Сыдыкбеков). – Аны атаң, апаң менен акылдаш, – деп чоң ата ууртунан жылмайды (Жусупов). Шылдың сөзгө Жекшен ууртунан жылмая жалт карап коюп, чыгып кетти (Осмоналиев). Жапардын бул сөзүн кулагы чалган Асыл ууртунан жылмайып койду («Ала-Тоо»). В.: Ууртунан күлүү. – Кандай жаңылыкты сурайсың? – деп Арзыкул ууртунан күлүп койду (Жусупов). Асылбек да ууртунан күлдү (Абакиров).