УУ-ДУУ БОЛУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Биринин сөзүн бири укпай дуулдаган, баш аламан түшкөн абалда болуу, кыйкырык, ызы-чуу боло берүү. Марат балалайка менен ырдап киргенде улам бири сүрөп, бул комната өзүнчө эле уу-дуу боло берет (Өмүрбаев). В.: Уу-чуу болуу. Согуш! деген кабар угулганда айыл ичи дурбөлөң түшүп, бир заматта уу-чуу боло түштү («Ала-Тоо»). Уу-чуу түшүү. Чоң-кичине кызматтагылар уу-чуу түшүп, таанышууга ар ким өзүнчө камылга көрө баштады («Кыргызстан маданияты»).