Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УУЛАНДЫРУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ БАР ХИМИЯЛЫК ЗАТ – өндүрүү, пайдалануу, ташуу шарттарында, ошондой эле турмуш-тиричиликте колдонууда адамдын денсоолугуна жана айлана-чөйрөгө жагымсыз таасир көрсөтүшү мүмкүн болгон зат (бирикме).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УУЛАНУУ ЫШКЫСЫ (ТОКСИКОМАНИЯ) (гр. toxikоn – уу жана mania – алаңгазардык, шаттангандык) – ченемдик актыларда баңгилик катары таанылбаган (дарылык жана турмуш-тиричиликтик У. ы.) заттарды ашыкча колдонуу.