Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Туурдун, төрөрдүн алдында жана туугандан, төрөгөндөн кийинки биринчи мезгилдерде чыгуучу коюу сүт. Куудай аппак эгиз эрке козулар, Уузга тоюп, үргүлөшөт ойгонбой (Аалы). Уктай берет жаш бала, Уузга тойсо ойгонбой (Осмонкул).
2. өт. Жаш, жаңы, жетиле элек. Ууз талдай буралтып, Ак кайыңдай бүрдөтүп (Осмонкул). Ал күндөн баштан күңүрт элес калган, Кырчындай ууз элек, жаштык кайран (Абдыраманов). Ууз кымыз.
3. өт. Таза, кирсиз. Жайкы желдин жыпар ууз жытына Уй да, кой да, малчыларым тең шерик (Осмонкул).
Тууй элек уйдун уузуна күтүү — эч бир дайыны жок эле бир нерсеге күтүү, жакында болор-болбосу белгисиз болгон нерсени күтүү.