уук
Толковый словарь кыргызского языка (1969)I зат. Боз үйдүн түндүгү менен керегесин бириктирүүчү, түндүккө бириге турган жагы учтуу, керегеге бириге турган жагы бир аз ичин көздөй ийилип, жалпак келген, боолуу, узун жыгач. Талдан жасалган уук (Жантөшев). Асан карыянын үйүнүн ууктары сыртынан саналат (Аалы).
УУК II этиш. 1. Уулануу. Бардыгы уугуп калгансып жымжырт (Жантөшев).
2. өт. Жаны күйүү, жанына батуу. Бөтөнчө акыркы сөздү укканда Шарип уугуп кетти (Бейшеналиев).
УУК II этиш. 1. Уулануу. Бардыгы уугуп калгансып жымжырт (Жантөшев).
2. өт. Жаны күйүү, жанына батуу. Бөтөнчө акыркы сөздү укканда Шарип уугуп кетти (Бейшеналиев).