Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I этиш. 1. Ууландыруу; ууктуруу. Уулап койгон эт.
2. өт. Жан кейитүү, жанына батуу. [Унчукпады] менин сөзүм, Денин уулап кеткендей (Нуркамал).
УУЛА II этиш. Аңчылык кылуу, мергенчилик кылуу, балык кармоо. Аркар уулап, бугу кууп, Элемандын сырттаны («Эр Төштүк»). Жигиттер, арык бойлоп балык уулап жүрөсүңөрбү? (Бейшеналиев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УУЛАНДЫРУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ БАР ХИМИЯЛЫК ЗАТ – өндүрүү, пайдалануу, ташуу шарттарында, ошондой эле турмуш-тиричиликте колдонууда адамдын денсоолугуна жана айлана-чөйрөгө жагымсыз таасир көрсөтүшү мүмкүн болгон зат (бирикме).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УУЛАНУУ ЫШКЫСЫ (ТОКСИКОМАНИЯ) (гр. toxikоn – уу жана mania – алаңгазардык, шаттангандык) – ченемдик актыларда баңгилик катары таанылбаган (дарылык жана турмуш-тиричиликтик У. ы.) заттарды ашыкча колдонуу.