уй I 1. корова (в некоторых южных говорах жылаңач уй, а в некоторых уй употребляется только в сочет. тувар уй); жүндүү уй южн. корова яка; сасык деп, уй мурдун кесип таштабайт погов. из-за того, что нос у коровы вонюч, его не отрезают; уйга килем жапкандай как корове седло (букв. будто корову ковром покрыть); уй мүйүз коровьи рога; уй мүйүз тартып отур- сесть в кружок; 2. вол; букасын биттеп, уй кылып, айгырын биттеп, ат кылып фольк. кастрировав быка, сделал волом, кастрировав жеребца, сделал мерином; 3. год коровы (см.жыл I 2); 4. при игре в тогуз коргол (см.коргол): бел уй пятая лунка слева, жаман уй шестая лунка слева, эки тиш уй седьмая лунка слева, тел уй восьмая лунка слева, куйрук уй девятая лунка слева; уюм тууду игра, напоминающая тогуз коргол (пять лунок, и в каждой лунке по пяти камешков); жарга камалган сокур уйдай оказавшийся в беспомощном состоянии; уйдун бөйрөгүндөй эл немногочисленный народ; уй баш кара жанаяк большая деревянная чашка с ручкой; уй түгүндөй бесчисленное множество, несметное число; уй түгүндөй жаан сев. мелкий и частый дождь; ситный дождь; уй боор см.боор. уй II ай-уй см.ай III 2.
зат.1. Төрт түлүк малдын бир түрүнө кирүүчү музоо, торпок, кунажын, өгүз ж. б. жалпы аты. Уйду мүйүзгө чапса туягы зыркырайт (макал). Бадачы көп уйду талаага айдап баратат (Сыдыкбеков).
2. Ушул малдын төл берген, саала турган ургаачысы. Саан уй. Тубар уй. Кысыр уй. 3. Он эки жылдык эски жыл эсебинин экинчи жылы. Уй жылы. ♦Уйгакилемжапкандай— жарашыксыз, одоно, олдоксон. Уймүйүзтартыпотуруу— тегерек тартып кырка отуруу. [Колхозчулар] уй мүйүз тартып отурушту (Баялинов). Уйтүгүндөй— эн, көп, абдан көп. Уй түгүндөй көп элге, Уруна кирип барбайлы («Эр Табылды»). Уюмтууду — оюлган беш чуңкурга бештен ташталган таш менен көбүнчө балдар ойноочу оюн.
Азыркы түрк тилдеринин ичинен алтай жана кыргыз тилдеринде гана уй сөзү колдонулат, башка түрк тилдери сыгыр, инек сөздөрүн пайдаланат. Байыркы түрк тилинде уд болуп айтылат (ДТС 1969:605). Өз учурунда байыркы түрктөр уд сөзүн шумер тилиндеги гуд сөзүнөн кабыл алган (Мусаев 1975:55). Кыргыз жана алтай тилинде байыркы түркчө уд сөзүнүн д тыбышы й тыбышына өтүп, уй түрүнө келген (Сейдакматов 1988 :234).
Кыргыз тилинин түштүк-батыш диалектисинде сыйыр сөзү да колдонулат: «он эки төө он жылкы, тогуз сыйыр беш эчки, жарым коён үч түлкү, таппай калсаӊ чоӊ күлкү (таб. аты аталган жаныбарлардын курсак ичинде тукумун көтөрүп жүрүү мөөнөтү)» (Мукамбаев 2009:839).
Мындан тышкары инек сөзү да айрым жерлерде колдонулары К.Юдахиндин «Кыргызча-орусча сөздүгүндө» белгиленген: «инек (в некоторых местах) то же, что уй; букада кайын жок, инекте төркүн жок погов. у быка нет шурина, а у коровы – родни (см. төркүн); инек уй корова старше трёх лет; инек топоз корова яка старше трёх лет» (Юдахин 1965:301).
«Манас» эпосунда бул сөздүн арапча «бакар» деген варианты да кездешет: «Эки жүз бакар салышар, Эки жүзүн тим койбой, Түрлөп айтып калыӊар» («Манас»).
Ал эми уйду чакырганда, индоевропа тилдериндеги аты менен чакырабыз: «оу-оу» < ир. гоу; англис. cow «уй».
Азыркы түрк тилдеринин ичинен алтай жана кыргыз тилдеринде гана уй сөзү колдонулат, башка түрк тилдери сыгыр, инек сөздөрүн пайдаланат. Байыркы түрк тилинде бул сөз уд болуп айтылган (ДТС, 605). Өз учурунда байыркы түрктөр уд сөзүн шумер тилиндеги гуд сөзүнөн кабыл алган (Мусаев, 1975, 55). Кыргыз жана алтай тилинде байыркы түркчө уд сөзүнүн д тыбышы й тыбышына өтүп, уй түрүнө келген.
1. Төрт түлүк малдын бир түрүнө кирүүчү музоо, торпок, кунажын, өгүз ж. б. жалпы аты. Уй териси тон болбойт, Урушкан менен чоң болбойт (Санат). Бадачы көп уйду талаага айдап баратат (Сыдыкбеков). 2. Ушул малдын төл берген, саала турган ургаачысы. Саан уй. Тубар уй. Кысыр уй 3. Он эки жылдык эски жыл эсебинин экинчи жылы. Уй жылы.
(или төө уйгак) репей, репейник (его головка); козу уйгак василёк раскидистый; дурнишник обыкновенный; ит уйгак череда (растение); уул жаманы - уйгак менен тең погов. дурной сын, что репей; жаман адат курусун, - жүнгө кирген уйгактай стих. пусть исчезнет дурной обычай - (он) что репей в шерсти.
зат. Сабагынын учтарында жабышкак, сайгыч тикени бар, чоң-чоң жазы жалбырактуу өсүмдүк. Козу уйгак. Төө уйгак. ♦Уйгактайжабышуу— бирөөгө жабышып, асылып алуу. Кызык бала, ырчы менен думана көрсө уйгактай жабышып алат (Аалы).
Азыркы кезде уйгакты жабышкак тикендүү өсүмдүк катары элестетебиз. Чындыгында анын аты андай тикендерине жараша эмес, жалбырактарына жараша берилген. Уйгак сөзү уй кулак деген эки сөздөн куралган. Ал ат кулак, козу кулак сыяктуу эле жазында жерден кылтыйып чыккан жалбырактарынын көлөмүнө жараша аталган. Уйгактын жалбырагы далдайып чоң-чоң келип, чындыгында эле уйдун кулагын элестетет. Ошол белгиси боюнча уй кулак делип аталып, кийин ал сөз биригип кеткенде, кулак сөзүнүн ортосундагы ул тыбыштары түшүп калган. Натыйжада алгачкы уй кулак сөзүнөн уйгак келип чыккан.
Жарашыксыз, орунсуз, олдоксон көрүнгөндөй, туура келбей, келишпей тургандай. Уйга килем жапкандай болуп, жаман эриңдин кайсынысына аза күтөсүң (Жантөшев).
Жарашыксыз, орунсуз, олдоксон көрүнгөндөй, туура келбей, келишпей тургандай. Уйга килем жапкандай болуп, жаман эриңдин кайсынысына аза күтөсүң (Жантөшев).
Бирөөгө асылып алуу, жанын койбоо, артынан калбоо, акидей асылуу. Бул ушакчыдан кутулуш азап ко, уйгактай жабышып алды (Бердикеев). Акинайдай жаш сулууну тапмак кайда! Уйгактай жабышып, жалбарып, айтпаганы калбаптыр (Аалы). Булар бизге өздөрү эле кошомат кылып, уйгактай жабышып жүрүшөт (Саатов).
Бирөөгө асылып алуу, жанын койбоо, артынан калбоо, акидей асылуу. Бул ушакчыдан кутулуш азап ко, уйгактай жабышып алды (Бердикеев). Акинайдай жаш сулууну тапмак кайда! Уйгактай жабышып, жалбарып, айтпаганы калбаптыр (Токомбаев). Булар бизге өздөрү эле кошомат кылып, уйгактай жабышып жүрүшөт (Саатов). В.: Уйгактай илээшүү. Анда эскинин калдыктарына уйгактай илээшип, ар кандай жосунсуз жоруктарды жасап келаткандардын аттары аталып, эл алдында уяткарылды.
к. УЙГАКТАЙ ЖАБЫШУУ
Анда эскинин калдыктарына уйгактай илээшип, ар кандай жосунсуз жоруктарды жасап келаткандардын аттары аталып, эл алдында уяткарылды («Советтик Кыргызстан»).
~: уйгу-туйгу сумятица, переполох; уйгу-туйгу түшүшүп, жыйылган колдун баарысы жоо-жарагын алышып фольк. всё собравшееся войско, переполошившись, схватилось за оружие; уйгу-туйгу жел шальной ветер (сильный и вьюжный); уйгу-туйгу ышкырган борошо метелица с сильным завывающим ветром; ичи (или көңүлү) уйгу-туйгу болуп турат он испытывает большое волнение, сильное беспокойство.
уйгу-туйгутакт. Баш аламан, бир калыпта эмес, өйдө-ылдый; уюлгуган сыяктуу. Кимди ким көрдү, эл ичи удургуп уйгу-туйгу (Баялинов). Асман түнөрүп, уйгу-туйгу кар жаап келген (Жантөшев).
Баш аламан, бир калыпта эмес, өйдө-ылдый, уюлгуган сыяктуу. Кимди ким көрдү, эл удургуп уйгу-туйгу (Баялинов). Асман түнөрүп, уйгу-туйгу кар жаап келген (Жантөшев).
1. Башы кошулбаган, бирикпеген, ынтымагы жок, бири-бирине жакындашпаган. Айтпадык беле. – Жолдошу жаман жоого алдырат. Шүнтүп уйдун бөйрөгүндөй болуп шүмүрөймөкпүз (Бейшеналиев). 2. Анча көп эмес, аз эле, кичинекей. Уйдун бөйрөгүндөй болгон аз эл.
1. Башы кошулбаган, бирикпеген, ынтымагы жок, бири-бирине жакындашпаган. Айтпадык беле. -Жолдошу жаман жоого алдырат. Шүнтүп уйдун бөйрөгүндөй болуп шүмүрөймөкпүз (Бейшеналиев). 2. Анча көп эмес, аз эле, кичинекей. Уйдун бөйрөгүндөй болгон аз эл.
Заматта аймоо, эч нерсесин калтырбай мойсоп жеп коюу деген мааниде. -Жакең үймө табак этти уй жалагандай кылат (Осмоналиев). Бул сапар уй жалап кеткенсип, ордунда жок (Сыдыгалиев).
1. Заматта аймоо, эч нерсесин калтырбай мойсоп жеп коюу деген мааниде. Жакең үймө табак этти уй жалагандай кылат (Осмоналиев). 2. Эч нерсеси калбаган, эч нерсе жок. Бул сапар уй жалап кеткенсип, ордунда жок (Сыдыгалиев). В.: Уй жалап кеткендей. Кашы уй жалап кеткендей сары чийкил неме («Ала-Тоо»).
зат. Уй короо, уй киргизиш үчүн атайын салынган жай, сарай. —Уйкананын каалгасы сынып калыптыр, — деди Шабыраалы үшүгөн колун үйлөй берип (Бейшеналиев).
уйкаш I 1. складный, соразмерный; 2. рифмующийся; рифма; уйкаш сөздөр рифмующиеся слова; аты уйкаш тёзка (когда имена одинаковы или рифмуются, напр. Канчоро и Күлчоро); аты уйкашым мой тёзка; ырынын уйкашы жок он нескладно (без рифмы, ритма) слагает стихи; төгүлмө уйкаш редифная рифма. уйкаш- II 1. быть складным, соразмерным; 2. рифмоваться.
Iсын. Ыр саптарынын, көбүнчө аяккы сөздөрүнүн тыбыштык түзүлүшү жагынан бири-бирине окшошуп келиши. Анын иши кабарчыдан күчөсө, Мен ырлардын уйкашынан баштадым (Аалы). Уйкаш сөздөр. ♦Атыуйкаш— аттары окшош, бирдей. — Менин атым да Орунбай — деп, аты уйкаш чыкканына кубангандай күлүп койду (Жантөшев). УЙКАШIIэтиш. Ыр саптары, көбүнчө ыр саптарынын аяккы сөздөрү тыбыштык түзүлүшү жагынан бири бирине үндөш чыгуу, окшошуу.
Ыр саптарынын, көбүнчө аяккы сөздөрүнүн тыбыштык түзүлүшү жагынан бири-бирине окшошуп келиши. Анын иши кабарчыдан күчөсө, Мен ырлардын уйкашынан баштадым. (Токомбаев). Ааламдын көркү күндө бар, Адамдын көркү тилде бар (Жеңижок).
сон; алп уйку богатырский сон (крепкий, но может быть и очень коротким); куш уйку чуткий, краткий сон; сүт уйку безмятежный сон; жаш балдар сүт уйкуда мемиреген малые дети безмятежно спали; таттуу уйку сладкий сон; оор уйку время, когда все (в ауле, ныне - в селе) спят; таңга бир уйку калганда время, близкое к рассвету (между временным пробуждением перед рассветом, зарёй); уйкусу канды он выспался; түн уйкусун төрт бөлгөн он не знал покоя по ночам; биз азыр тамак ичпей, уйку көрбөй калдык мы сейчас остаёмся без еды, без сна; ал түнү, ооналактап, уйку бетин көрбөдү в ту ночь он ворочался, глаз не сомкнул; түн уйкусун алып, күндүзү тынчын кетирет ночью он спать не даёт и днём покоя лишает; уйку келтир- нагнать сон; кубулжуп кушу сайраса, уйку басып талытар стих. когда (там) птицы поют с переливами, (это) сон нагоняет, размаривает (по старым киргизским представлениям, приятное вызывает покой, сон, неприятное разгоняет его); уйкуда басып өлтүр- заспать (ребёнка); уйкуга бастыр- поддаться сну; уйку-соонун ичинде или уйку-соонун ортосунда или уйку аралаш сквозь сон, в полусне; кара уйку неотвязный сон; түбөлүк уйку вечный сон (смерть); уйку ач- см.ач- III.
зат. Белгилүү бир убакыттарда кайталанып туруучу, ой кызматын толук же жарым-жартылай токтотуучу физиологиялык тынчтык жана эс алыш. Уйкудан көзүң ачылбайт, Кандай курган баласың («Эр Табылды»). Тур-турдан кабар келсе, уйкунун мазасы кетет (макал).
♦Уйку-соонунортосундаболуу— чала уйкуда болуу, өтө катуу уктап кетпей, айланадагыларды элес-булас сезип жатуу. Уйку-соонун ортосундагы энесине Татыбектин сөздөрү түшүнүксүз болду (Байтемиров). Кушуйку— узак уктабай, бир аз көз илинтип ала коюу, сергек жаткан кыска уйку. Сүтуйку— мемиреп, көшүлүп тыптынч уктагандык (көбүнчө жаш балдарга карата).
sleep (noun)
A power-saving state that allows the computer or device to quickly resume full-power operation (typically within several seconds) when you want to start working again. All open documents and programs are saved to memory before the computer or device enters the low-power state.
Байыркы түрк тилинде уйу сөзү азыркы кыргызча укта этишине туура келген (ДТС, 607). Ошол уйу этишине зат атооч жасоочу -к мүчөсү жалганып, уйук сөзү жасалган. Бирок анын акыркы ук деген тыбыштары орундарын алмаштырып жайланышып калгандыктан, уйку түрүнө келген. Казак тилинде демейде уйкы делген менен, андан этиш жасалганда уңгусу байыркы калыбына келип, уйык болот: уйыкта. Кыргыз тилинде анын бир аз кыскарган түрү айтылат (к. УКТА).
Такыр уктабоо, уктай албай калуу. Сөздүн кыскасы, бул түнү да Наркбай уйку бетин көргөн жок (Кыдырмышев). Мындай түнү энем уйку бетин көрмөк беле (Жусупов). В.: Уйку качуу. Жалган курандын биринчи түнүндө уйкум качты (Жусупов). Бул түнү уйку качып, кыялым жер кезип жүрөт (Өмүрбаев).
Такыр уктабоо, уктай албай калуу. Сөздүн кыскасы, бул түнү да Наркбай уйку бетин көргөн жок (Кыдырмышев). Мындай түнү энем уйку бетин көрмөк беле (Жусупов).
Белгилүү бир убакыттарда кайталанып туруучу, ой кызматын толук же жарым-жартылай токтотуучу физиологиялык тынчтык жана эс алыш. Уйкудан көзүң ачылбайт, Кандай курган баласың («Эр Табылды»). Тур-турдан кабар келсе, уйкунун мазасы кетет (макал). Бул күнкү урпагынын жайын сүйлөшөт, Уйкуда жаткан эрди кайраттантып (Тыныстанов).
сонный, заспанный; уйкулуу көз сонные глаза, заспанные глаза; уйкулуу көзү менен (он) сонными глазами, спросонья; уйкулуу басып келди он лениво (будто во сне) подошёл.
сын. Уйкусу абдан ачыла элек, уйкусу канбаган бойдон. Уйкулуу көзүн укалап, Алымкул кош башчысы Тагайдын кумсарып атчан турганын көрдү (Абдукаримов). [Анархандын] уйкулуу көзү умачтай ачылып, башын көтөрдү (Жантөшев).
Уйкусу абдан ачыла элек, уйкусу канбаган бойдон. Уйкулуу көзүн укалап, Алымкул кош башчысы Тагайдын кумсарып атчан турганын көрдү (Абдукаримов). Анархандын уйкулуу көзү умачтай ачылып, башын көтөрдү (Жантөшев).
sleep mode (noun)
A power-saving state that allows the computer or device to quickly resume full-power operation (typically within several seconds) when you want to start working again. All open documents and programs are saved to memory before the computer or device enters the low-power state.
hibernate (verb)
For a computer system, to be in an inactive state, but not shut off. When the computer is switched back on, the desktop is restored exactly as it was.
Чала уйкуда болуу, өтө катуу уктап кетпей, айланадагыларды элес-булас сезип жатуу. Уйку-соонун ортосундагы энесине Татыбектин сөздөрү түшүнүксүз болду (Байтемиров).
Уктап жатып бирдемелерди сүйлөө, кобуроо ж. б. Алым уйкусурап жылмайып, ары тоголонуп кеткен эле (Жантөшев). Саамай чачың элестелет көзүмө, Уктаганың, уйкусурап жатканың (Акматалиев).
ж.разг. (очень много) толгон, өтө көп, абдан көп, эң эле көп, аябаган көп; уйма денег толгон акча; на это ушло уйма времени буга абдан көп убакыт кетти; уйма народу толгон эл.
Жарым тегерек тартып кырка отуруу. Беркилер да уй мүйүз тарта жумшак жалбырак үстүнө тизе бүгүштү (Бейшеналиев). Мергенчилер суу жээктей уй мүйүз тарта отуруп, аңчылыктын аңгемесине батмак («Кыргызстан маданияты»). В.: Уй мүйүз болуу. Шакирттер так молдонун оропарасында уй мүйүз болуп отурушат (Абдукаримов).
Жарым тегерек тартып кырка отуруу. Беркилер да уй мүйүз тарта жумшак жалбырак үстүнө тизе бүгүштү (Бейшеналиев). Бүткүл дитин уй мүйүз тартып олтурган курдаштарына бурду (Мырзаев). Мергенчилер суу жээктей уй мүйүз тарта отуруп, аңчылыктын аңгемесине батмак («Кыргызстан маданияты»).
1. спутать, взлохматить, всклокочить (напр. волосы); 2. измять, помять (напр. одежду, траву); ат көк шиберди уйпалап, оонап эле кетти лошадь повалялась и помяла зелёную траву; 3. перен. ухлопать; угузба андай сөзүңдү, уйпалап коём өзүңдү фольк. не говори (мне) таких слов, (иначе) ухлопаю я тебя; уйпалап-суйпалап майлай салды он кое-как намалевал.
1. Бир канча ирет уйпоо, жапырып, иретсиз чаташ абалга келтирүү, бырыштыруу. Жердин чөбү узарбайт, Уйпалап күндө тепсесе (Осмонкул). 2. өт. Жок кылуу, жоготуу. Угузба андай сөзүңдү, Уйпалап коём өзүңдү («Манас»). Ылаачын чилди тепкендей, Уйпалаган замбирек (Үмөталиев).
сов. 1. (отправиться) кетүү, жөнөө, жөнөп кетүү; я ушёл вместе с ним мен аны менен бирге кеттим; поезд уже ушёл поезд жөнөп кетти; 2. (скрыться, спастись) качып кетүү, качып кутулуу, жашырынуу; уйти от опасности коркунучтан кутулуу; 3. (покинуть) кетүү, таштап кетүү; уйти со сцены сценадан кетүү; он ушёл с работы ал кызматтан кетти; 4. перен. (погрузиться) кирип кетүү, чумулуу, батуу; уйти в размышления ойго батуу, ойго чумулуу; 5. (пройти - о времени) өтүү; время ещё не ушло убакыт али өтө элек; 6. разг. (кипя перелиться через край) ташып кетүү (кайнап); молоко ушло сүт ташып кетти; 7. перен.разг. (потребоваться) кетүү; ушло много денег көп акча кетти; уйти в область истории жок болуу, унутулуу; уйти в себя өзү менен өзү болуу (айланада эмне болуп жатканы менен иши жок).
Өтө көп, сансыз, жер жайнаган. Ага тиги уй түгүндөй ойроттон хандык тийбей кайдагы бир уруунун ханы аталып жүрүшүнө өзүнүн да ичи чыкчу эмес (Осмоналиев). Уй түгүндөй көп элге, Уруна кирип барбайлы («Эр Табылды»).
Өтө көп, сансыз, жер жайнаган. Ага тиги уй түгүндөй ойроттон хандык тийбей кайдагы бир уруунун ханы аталып жүрүшүнө өзүнүн да ичи чыкчу эмес (Осмоналиев). Уй түгүндөй көп элге уруна кирип барбайлы («Эр Табылды»).