УЙ
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаАзыркы түрк тилдеринин ичинен алтай жана кыргыз тилдеринде гана уй сөзү колдонулат, башка түрк тилдери сыгыр, инек сөздөрүн пайдаланат. Байыркы түрк тилинде бул сөз уд болуп айтылган (ДТС, 605). Өз учурунда байыркы түрктөр уд сөзүн шумер тилиндеги гуд сөзүнөн кабыл алган (Мусаев, 1975, 55). Кыргыз жана алтай тилинде байыркы түркчө уд сөзүнүн д тыбышы й тыбышына өтүп, уй түрүнө келген.