Киргизско-русский словарь Юдахина
(или төө уйгак)
репей, репейник (его головка);
козу уйгак василёк раскидистый; дурнишник обыкновенный;
ит уйгак череда (растение);
уул жаманы - уйгак менен тең погов. дурной сын, что репей;
жаман адат курусун, - жүнгө кирген уйгактай стих. пусть исчезнет дурной обычай - (он) что репей в шерсти.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Сабагынын учтарында жабышкак, сайгыч тикени бар, чоң-чоң жазы жалбырактуу өсүмдүк. Козу уйгак. Төө уйгак.
Уйгактай жабышуу бирөөгө жабышып, асылып алуу. Кызык бала, ырчы менен думана көрсө уйгактай жабышып алат (Аалы).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыркы кезде уйгакты жабышкак тикендүү өсүмдүк катары элестетебиз. Чындыгында анын аты андай тикендерине жараша эмес, жалбырактарына жараша берилген. Уйгак сөзү уй кулак деген эки сөздөн куралган. Ал ат кулак, козу кулак сыяктуу эле жазында жерден кылтыйып чыккан жалбырактарынын көлөмүнө жараша аталган. Уйгактын жалбырагы далдайып чоң-чоң келип, чындыгында эле уйдун кулагын элестетет. Ошол белгиси боюнча уй кулак делип аталып, кийин ал сөз биригип кеткенде, кулак сөзүнүн ортосундагы ул тыбыштары түшүп калган. Натыйжада алгачкы уй кулак сөзүнөн уйгак келип чыккан.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөгө асылып алуу, жанын койбоо, артынан калбоо, акидей асылуу. Бул ушакчыдан кутулуш азап ко, уйгактай жабышып алды (Бердикеев). Акинайдай жаш сулууну тапмак кайда! Уйгактай жабышып, жалбарып, айтпаганы калбаптыр (Аалы). Булар бизге өздөрү эле кошомат кылып, уйгактай жабышып жүрүшөт (Саатов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөгө асылып алуу, жанын койбоо, артынан калбоо, акидей асылуу. Бул ушакчыдан кутулуш азап ко, уйгактай жабышып алды (Бердикеев). Акинайдай жаш сулууну тапмак кайда! Уйгактай жабышып, жалбарып, айтпаганы калбаптыр (Токомбаев). Булар бизге өздөрү эле кошомат кылып, уйгактай жабышып жүрүшөт (Саатов). В.: Уйгактай илээшүү. Анда эскинин калдыктарына уйгактай илээшип, ар кандай жосунсуз жоруктарды жасап келаткандардын аттары аталып, эл алдында уяткарылды.