УЙГАК
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаАзыркы кезде уйгакты жабышкак тикендүү өсүмдүк катары элестетебиз. Чындыгында анын аты андай тикендерине жараша эмес, жалбырактарына жараша берилген. Уйгак сөзү уй кулак деген эки сөздөн куралган. Ал ат кулак, козу кулак сыяктуу эле жазында жерден кылтыйып чыккан жалбырактарынын көлөмүнө жараша аталган. Уйгактын жалбырагы далдайып чоң-чоң келип, чындыгында эле уйдун кулагын элестетет. Ошол белгиси боюнча уй кулак делип аталып, кийин ал сөз биригип кеткенде, кулак сөзүнүн ортосундагы ул тыбыштары түшүп калган. Натыйжада алгачкы уй кулак сөзүнөн уйгак келип чыккан.