УЙ МҮЙҮЗ ТАРТУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Жарым тегерек тартып кырка отуруу. Беркилер да уй мүйүз тарта жумшак жалбырак үстүнө тизе бүгүштү (Бейшеналиев). Бүткүл дитин уй мүйүз тартып олтурган курдаштарына бурду (Мырзаев). Мергенчилер суу жээктей уй мүйүз тарта отуруп, аңчылыктын аңгемесине батмак («Кыргызстан маданияты»).