Киргизско-русский словарь Юдахина
уйкаш I
1. складный, соразмерный;
2. рифмующийся; рифма;
уйкаш сөздөр рифмующиеся слова;
аты уйкаш тёзка (когда имена одинаковы или рифмуются, напр. Канчоро и Күлчоро);
аты уйкашым мой тёзка;
ырынын уйкашы жок он нескладно (без рифмы, ритма) слагает стихи;
төгүлмө уйкаш редифная рифма.
уйкаш- II
1. быть складным, соразмерным;
2. рифмоваться.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I сын. Ыр саптарынын, көбүнчө аяккы сөздөрүнүн тыбыштык түзүлүшү жагынан бири-бирине окшошуп келиши. Анын иши кабарчыдан күчөсө, Мен ырлардын уйкашынан баштадым (Аалы). Уйкаш сөздөр.
Аты уйкаш аттары окшош, бирдей.Менин атым да Орунбай — деп, аты уйкаш чыкканына кубангандай күлүп койду (Жантөшев).
УЙКАШ II этиш. Ыр саптары, көбүнчө ыр саптарынын аяккы сөздөрү тыбыштык түзүлүшү жагынан бири бирине үндөш чыгуу, окшошуу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ыр саптарынын, көбүнчө аяккы сөздөрүнүн тыбыштык түзүлүшү жагынан бири-бирине окшошуп келиши. Анын иши кабарчыдан күчөсө, Мен ырлардын уйкашынан баштадым. (Токомбаев). Ааламдын көркү күндө бар, Адамдын көркү тилде бар (Жеңижок).