уйкаш
Толковый словарь кыргызского языка (1969)I сын. Ыр саптарынын, көбүнчө аяккы сөздөрүнүн тыбыштык түзүлүшү жагынан бири-бирине окшошуп келиши. Анын иши кабарчыдан күчөсө, Мен ырлардын уйкашынан баштадым (Аалы). Уйкаш сөздөр.
♦Аты уйкаш — аттары окшош, бирдей. — Менин атым да Орунбай — деп, аты уйкаш чыкканына кубангандай күлүп койду (Жантөшев).
УЙКАШ II этиш. Ыр саптары, көбүнчө ыр саптарынын аяккы сөздөрү тыбыштык түзүлүшү жагынан бири бирине үндөш чыгуу, окшошуу.