Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Төрт түлүк малдын бир түрүнө кирүүчү музоо, торпок, кунажын, өгүз ж. б. жалпы аты. Уй териси тон болбойт, Урушкан менен чоң болбойт (Санат). Бадачы көп уйду талаага айдап баратат (Сыдыкбеков). 2. Ушул малдын төл берген, саала турган ургаачысы. Саан уй. Тубар уй. Кысыр уй 3. Он эки жылдык эски жыл эсебинин экинчи жылы. Уй жылы.