уйку
Толковый словарь кыргызского языка (1969) зат. Белгилүү бир убакыттарда кайталанып туруучу, ой кызматын толук же жарым-жартылай токтотуучу физиологиялык тынчтык жана эс алыш. Уйкудан көзүң ачылбайт, Кандай курган баласың («Эр Табылды»). Тур-турдан кабар келсе, уйкунун мазасы кетет (макал).
♦Уйку-соонун ортосунда болуу — чала уйкуда болуу, өтө катуу уктап кетпей, айланадагыларды элес-булас сезип жатуу. Уйку-соонун ортосундагы энесине Татыбектин сөздөрү түшүнүксүз болду (Байтемиров). Куш уйку — узак уктабай, бир аз көз илинтип ала коюу, сергек жаткан кыска уйку. Сүт уйку — мемиреп, көшүлүп тыптынч уктагандык (көбүнчө жаш балдарга карата).