УЙ МҮЙҮЗ ТАРТУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Жарым тегерек тартып кырка отуруу. Беркилер да уй мүйүз тарта жумшак жалбырак үстүнө тизе бүгүштү (Бейшеналиев). Мергенчилер суу жээктей уй мүйүз тарта отуруп, аңчылыктын аңгемесине батмак («Кыргызстан маданияты»). В.: Уй мүйүз болуу. Шакирттер так молдонун оропарасында уй мүйүз болуп отурушат (Абдукаримов).