УЙКУ
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаБайыркы түрк тилинде уйу сөзү азыркы кыргызча укта этишине туура келген (ДТС, 607). Ошол уйу этишине зат атооч жасоочу -к мүчөсү жалганып, уйук сөзү жасалган. Бирок анын акыркы ук деген тыбыштары орундарын алмаштырып жайланышып калгандыктан, уйку түрүнө келген. Казак тилинде демейде уйкы делген менен, андан этиш жасалганда уңгусу байыркы калыбына келип, уйык болот: уйыкта. Кыргыз тилинде анын бир аз кыскарган түрү айтылат (к. УКТА).