Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Азыркы түрк тилдеринин ичинен алтай жана кыргыз тилдеринде гана уй сөзү колдонулат, башка түрк тилдери сыгыр, инек сөздөрүн пайдаланат. Байыркы түрк тилинде уд болуп айтылат (ДТС 1969:605). Өз учурунда байыркы түрктөр уд сөзүн шумер тилиндеги гуд сөзүнөн кабыл алган (Мусаев 1975:55). Кыргыз жана алтай тилинде байыркы түркчө уд сөзүнүн д тыбышы й тыбышына өтүп, уй түрүнө келген (Сейдакматов 1988 :234). Кыргыз тилинин түштүк-батыш диалектисинде сыйыр сөзү да колдонулат: «он эки төө он жылкы, тогуз сыйыр беш эчки, жарым коён үч түлкү, таппай калсаӊ чоӊ күлкү (таб. аты аталган жаныбарлардын курсак ичинде тукумун көтөрүп жүрүү мөөнөтү)» (Мукамбаев 2009:839). Мындан тышкары инек сөзү да айрым жерлерде колдонулары К.Юдахиндин «Кыргызча-орусча сөздүгүндө» белгиленген: «инек (в некоторых местах) то же, что уй; букада кайын жок, инекте төркүн жок погов. у быка нет шурина, а у коровы – родни (см. төркүн); инек уй корова старше трёх лет; инек топоз корова яка старше трёх лет» (Юдахин 1965:301). «Манас» эпосунда бул сөздүн арапча «бакар» деген варианты да кездешет: «Эки жүз бакар салышар, Эки жүзүн тим койбой, Түрлөп айтып калыӊар» («Манас»). Ал эми уйду чакырганда, индоевропа тилдериндеги аты менен чакырабыз: «оу-оу» < ир. гоу; англис. cow «уй».