УЙКУ БЕТИН КӨРБӨӨ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Такыр уктабоо, уктай албай калуу. Сөздүн кыскасы, бул түнү да Наркбай уйку бетин көргөн жок (Кыдырмышев). Мындай түнү энем уйку бетин көрмөк беле (Жусупов). В.: Уйку качуу. Жалган курандын биринчи түнүндө уйкум качты (Жусупов). Бул түнү уйку качып, кыялым жер кезип жүрөт (Өмүрбаев).