УЙ ЖАЛАГАНДАЙ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Заматта аймоо, эч нерсесин калтырбай мойсоп жеп коюу деген мааниде. Жакең үймө табак этти уй жалагандай кылат (Осмоналиев). 2. Эч нерсеси калбаган, эч нерсе жок. Бул сапар уй жалап кеткенсип, ордунда жок (Сыдыгалиев). В.: Уй жалап кеткендей. Кашы уй жалап кеткендей сары чийкил неме («Ала-Тоо»).