Киргизско-русский словарь Юдахина
кум I
1. песок;
2. накипь (напр. на стенках самовара);
кум кайрак рассыпчатый;
кум кайрак картөшкө рассыпчатая картошка;
көзгө кум куй-
1) провести, обмануть;
көзүңө кум куюп, билгенин кылды он тебя провёл и сделал по-своему;
2) то же, что көзгө чөп сал- (см. чөп);
көзүндө куму бар в глазах его отвага;
куру оозуңа кум толгур! бран. чтоб твой пустой рот песком заполнился (вместо пищи);
кум сирке басып алыптыр он весь усыпан гнидами;
кулагына кум куйгандай см. кулак I;
кум кулак см. кулак I;
кум түлөк см. түлөк 1.
кум II
ир.
большая корчага (гл. обр. для хранения зерна).
кум III
кам-кум надежда, упование;
тирүү жаным калат деп, бөөдө кам-кум болбо деп фольк. ты напрасно не надейся, что твоя душа останется живой.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м. (мн. кумовья) разг. уст.
кум (1. баланы чокундуруп ат коюучу кишилердин өз ара бир-бирин же чокундурулган баланын ата-энесин аташы; 2. улгайган эркекке кайрылууда айтыла турган сөз).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Катуу минералдын (көбүнчө кварцтын) эшилме, куюлма майдасы. Суу ордуна агып кум, Бозоруп жаткан чөл элең (Үмөталиев). Такырайган кум баскан жер, Бүгүн көрсөң башкача (Бөкөнбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
кумай I
снежный гриф, кумай.
кумай II
песчаный; песчаная почва, песок;
айланасы боз кумай, мээ кайнаткан чөл болот фольк. вокруг там серый песок, будет пустыня с нестерпимой жарой.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. сказочная собака (от которой никакой зверь не может укрыться; рождена она от хищной птицы грифа);
куш төрөсү - буудайык, ит төрөсү - кумайык погов. господин хищных птиц - буудайык (см. буудайык II), господин собак - кумайык;
2. Кумайык
Кумайык (кличка собаки богатыря Манаса).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КУМАЙЫК — Манастын алгыр тайганы, кийин мурас катары Семетейге калат. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Көк жору тууган көзү ачыла элек кызыл эт күчүктү Манас Медияндын чөлүндөгү Кум-Булактын боюндагы кумайдан кайыбынан таап алат. К-ты «сыңар күнөө кылбаган зайып багат», — деп угуп Букардын каны Темиркандын кызы Каныкейге куда түшүп: «Кумайык багып сен берсең, Азарым анык салармын. Кол жеткен жердин баарына Каныш кылып алармын, Артылып камчы чаппасмын, Айкалтып күнү албасмын. Бенделигим билгизбейм, Бек сөзү сага тийгизбейм», — дейт. Каныкей «Күндүзүндө тынч албай, Түн ичинде уйку албай, Оозу менен сүт берип, Колу менен эт берип, Кырк кез ордун түбүнө багат» (Саякбай Каралаев, 1. 146 —148). Багыш Сазановдун вариантында Алмамбет дүрбү салып туулган жеримден кабар алам деп Кум-Чокунун башына Сарала аты менен чыгып барып, Көк жору тууп таштаган К-ты таап алып, кан баласы Каныкейге алып келип берет. Ал «Туу байталдын казысын туурап салдырып, жети жыл жер алдында багат» (Багыш Сазановдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 579-инв., 1258—59-б.). К-тын табылышы башка варианттарда да аталган манасчылардыкына жакын сүрөттөлөт. Бардык варианттарда К. баатырлардын жөнөкөй гана аңчылык тайганы болбостон, өзгөчө бир жан күйөр, сыйкырдуу жаныбары катары сүрөттөлөт. Манас өлгөндө анын башка сыйкырдуу жаныбарларындай эле К. мөгдөп, аза күтөт, анын касташ туугандары Абыке, Көбөшкө кызмат кылыштан моюн толгойт. Семетей Букардан Таласка алгач келгенде жолунан биринчи болуп тосуп чыгат, ал Кыяс колдуу жарадар болгондо, сөөгүн душмандан коргоп, эч кимди жолотпойт. Кийин Семетей, Бакай, Айчүрөк, Күлчоро кайып болуп, дүйнө кезип кеткенде, касиеттүү жаныбар катары кайып болот. Түрк элдеринде (кыргыз, казак, түркмөн, хакас жана башкалар) К. жөнүндөгү легенда кеңири тараган. Ал элдик оозеки чыгармаларда оң каармандардын жакын жардамчысынан. Бардык учурда тең ал иттен кушка айланган укмуштуу жандык, же бир эле учурда ит да, куш да болгон аргын жаныбар. Бул жаныбар ушул эле ат менен Кавказдагы жана башка элдерде да учурайт. Демек, анын образы алгач бир негизден таралган. Иран элдеринин эң байыркы дин китеби «Ригведе» жерге касиеттүү өсүмдүк хоманын уругун алып келип таштаган Хомай деген ыйык куштун образы жолугат. Элдик түшүнүктө ал бийик тоонун башында жашаган жору мисалдаш куш (кыргыз уламыштарында К. жорунун жумурткасынан чыгып, аны жети күнгө чейин таап алса кыраан итке, андан кечиксе жоруга айланат). «Манаста» да кээде К. деген куш болгон делип айтылат (Багыш Сазановдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 579-инв„ 1258-б.). Иран элдеринин түшүнүгүндө жана көркөм адабияттарында Хомайдын көлөкөсү түшкөн адам падыша болору айтылат. Кийинчерек Хомай ушул эле иран элдеринин мифиндеги өзүнө жакын турган образ Симург («Авесте» Сенмуров) куштун да ролун аткарат. Симург ит жана куштун кейпиндеги жакшылык кылуучу аргын жаныбар. Ал кийинчерек ит менен кушган турган жакшылык кылуучу образын Хомайга өткөрүү менен каардуу ажыдаардын элесине айланат. Аты жана образынын көп белгилери жакын болгондуктан түрк элдериндеги К-тын образы байыркы иран элдериндеги ушул Хомайдын Симург менен биригишкен образынан маданий таасир катары кабыл алынган деп айтууга негиз бар. Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгында Хомайдын образы бир кыйла эволюциялашкан. Анын баштагы аргын образы экиге ажырап, өз-өзүнчө персонификацияланган, куштун атрибуту Акшумкарга (к. Акшумкар), иттик атрибуту К-ка айланган. Экөө башта бир образ болгондуктан «Манаста» экөө дайыма катар коюлуп, ажыратылбай бир учурда эскерилет. К. жөнүндөгү аңыз сөздөр кыргыздын башка оозеки чыгармаларында да кеңири кезигет. Мисалы, «Көбөк кан» деген уламышта кырк уруу түрк журтунун башчысы Көбөк кан аңчылыкта жүрүп, күчүк таап алып, карындашы Карлыгачка бакканга берет. Карлыгач оозу менен сүт берип, колу менен эт берип, жыл маалы үйдөн чыгарбай багат, күчүккө К. деп ат коёт. К. чоңойгондо жер үстүндөгү аңдарга тынчтык бербегенде Ак бугу мелдешке чакырып көзгө сүзүп өлтүрөт (Кол жазмалар фондусу, 106-инв., 59-б.). Мифологиялык планда баяндалган бул уламыш «Скиф — Сибирь аңчылык стили» деп аталган археологиялык байыркы эстеликтерде эң кеңири тараган, укмуштуу жырткыч жаныбар менен шаа мүйүз бугунун күрөшү чагылдырылган сценаны толук эске түшүрөт. Буга караганда К-тын образы кыргыздардын байыркы мекени Сибирде биздин эрадан алда канча мурун пайда болгон.
Р. Сарыпбеков

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. катышек (овечий, козий или верблюжий помёт);
бир кумалак бир карын майды булгайт (или чиритет) погов. ложка дёгтя в бочке мёда (букв. один катышек портит целый кутырь масла);
2. кругленькие камешки;
таштан тандап кырк бир кумалак терип алды из камней он собрал сорок один кругленький камешек (для гадания);
тогуз кумалак то же, что тогуз коргол (см. коргол).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кой, эчкинин жана төөнүн томолок-томолок формадагы тезегин билдирген кумалак сөзү азыркы түрк тилдеринде кандай морфемалардан куралганын аныктоо кыйындап кеткен. Ногой тилинде коймалак сөзү кыргызча койдун кумалагы сөзүнө мааниси боюнча туура келет. Ал сөз кой+малак деген эки сөздөн турат. Малак сөзүнүн өзү эле «тоголок тезек» маанисин берген сөз болушу мүмкүн. В. В. Радлов белгилеген майак «койдун кумалагы» (Радлов, т. IV, ч. 2, 2012) сөзү л-->й кубулушу боюнча малак сөзүнө туура келиши мүмкүн. Алгачкы кой малак деген эки сөз биригип, бириккенде й тыбышы түшүп, кумалак сөзү келип чыккан болуу керек. Кийин бул сөздүн мааниси кеңип, жалаң эле койдун кумалагына карата эмес, эчкинин жана төөнүн кумалагына карата да колдонула турган болуп калган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Оюндун түрү. 2. Койдун коргоолу. Кумалак, кеште, Чакмагың, Камдап койгун баарысын («Эл адабияты»). Бир карын майды бир кумалак чиритет (макал). 3. Төлгө тартууда, тогуз коргоол оюнунда ж. б. колдонулуучу тоголок майда таштар. Агай кумалак тизип, төлгө тартып олтуруптур (Сыдыкбеков). Таштан тандап кырк бир кумалак терип алат (Убукеев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
кумар I
ар.
азарт; азартная игра;
кумарга ууру жолдош погов. спутник азартной игры - вор.
кумар II
ар.
1. сильное желание, страсть;
жомогуңуздан угууга кумармын я очень хочу послушать ваши сказки;
кумары канды или кумары таркады или кумары таркалды или кумары жазылды или кумары басылды он вполне удовлетворился, он получил удовольствие;
жолдошу шайыр болсо, жолоочунун кумары канат фольк. если спутник весёлый, то путник получит удовольствие;
кумары түк канбады он совершенно не удовлетворён;
эл кумары таркабайт, ырдын кенин ачпасам фольк. не удовлетворится желание народа, если я не открою сокровищницу (своей) песни;
беш күнү удаа сайышып, бир кумардан канайын фольк. сражаясь пять дней подряд, я удовлетворю своё желание;
кумарын ичтен чыгарды он остался очень доволен;
2. влюблённый;
көрбөсөм да, Бөкөйгө кумар болуп калдым деп фольк. в Бокоя я влюбилась, хоть и не видела его;
кумар көз
1) умные влюблённые глаза с поволокой (женские);
2) обладательница умных глаз (красавица);
куурасам, акыл табышар, кумар көз болсо сүйгөнүм фольк. была бы моей любимой красавица с умными глазами, она помогла бы советом, когда я буду бедствовать;
кумар жайнак
1) лучший беркут
2) (о человеке) беспечный;
бак кумар см. бак II.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Утуп алуу кызыкчылыгы менен аябай берилип, бир нерсе (акча, мал-мүлк ж. б.) сайып ойной турган оюндар. Тиги четте кумар ойноп төртөө отурат (Жантөшев).
2. Эңсөө; өтө берилүүчүлүк, кызыкчылык, берилип сүйгөндүк. Токтогулдун өнөрүн үйрөнүүгө кумар болушкан (Бөкөнбаев). Айнысаканды бир көрүүгө кумар болуп жүрө турган (Жантөшев). Кумары кануу. Кумары тароо.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Утуп алуу кызыкчылыгы менен аябай берилип, бир нерсе (акча, мал мүлк ж. б.) сайып, чүкө, карта ж. б. менен ойной турган оюндар. Кумар ойноп кокуйлап, Коңулда калган сен элең (Калмырза). Тиги четте кумар ойноп төртөө отурат (Жантөшев). Кумар ойноп акчасын уттуруп жиберип, короо-жайын күрөөгө коюптур. 2. Бир нерсени катуу эңсегендик, самагандык, ага өтө берилүүчүлүк, кызыккандык, берилип сүйгөндүк. Сүйгөнүңдүн элеси көздөн учар, Канчалык карасаң да канбас кумар (Баласагын). Кумары кануу. Кумары таркоо. Кумары жазылуу. Токтогулдун өнөрүн үйрөнүүгө кумар болушкан (Бөкөнбаев). Ай чырайлуу жүзүңдү, Бир көрүүгө кумармын («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Моймолжуган, жоодураган назик көз караш, же абдан сулуу, акылдуу деген мааниде кыздарга, келиндерге карата айтылат. Куурасам акыл табышар, Кумар көз болсо сүйгөнүм (Жантөшев). Оймок ооз, кумар көз, Өзүңө теңтуш алганы (Барпы).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Моймолжуган, жоодураган назик көз караш, же абдан сулуу, акылдуу деген мааниде кыздарга, келиндерге карата айтылат. Куурасам акыл табышар, Кумар көз болсо сүйгөнүм (Жантөшев). Оймок ооз, кумар көз, Өзүңө теңтуш алганы (Барпы).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КУМАР ОЮНДАРЫ – жыйынтыгы оюнга катышуучулардын аракеттерине байланыштуу эмес, кокус болуучу жана алдынала болжоого болбогон мүлк, акча утуучу оюндар. К. о-нын жыйынтыгы акчалай, же башка баалуу мүлк түрүндө аныкталат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. кумарчы менен бирдей. Яшвин бузук салттуу, кумарпоз, ичкич киши («Ала-Тоо»). 2. Бир нерсеге кызыккан, берилген, кумар болгон. Китеп окуп, музыка укканга өтө кумарпоз Шейшебайдын келгенине Ниязкул кубанып кетти (Абдумомунов).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КУМ-АРЫК — топоним. Бээжинди көздөй качкан Алооке канды Аксынын жанында К. -А. дарыясынын боюнда кууп жетет. Алоокени жайлап, дүнүйөсүн калкка бөлүп берет. Кошойдун сунушу боюнча К.-А-та жыйылган эл Манасты кан көтөрүшөт (Саякбай Каралаев, 1. 209). К.-А. Чыгыш Түркстанда, Тарим дарыясынын сол куймасы.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КУМ-БУЛАК — топоним. « Кум-Булактын белинен, Даарат алган жеринен Кайыбынан кабылды. Кол башындай сур күчүк Көзү ачылбас чагында Жаңыдан тууган табында» (Саякбай Каралаев, 2. 233—34) Манас Кумайыкты таап алат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
кумган (металлический, гл. обр. медный, кувшин с ручкой и носиком; служит для кипячения воды и для умывания);
сени көө баскан кара кумганга теңейт элем, бирок, а да кум менен жышылат сравнил бы я тебя (твой моральный облик) с покрытым сажей кумганом, но и он песком оттирается;
кумгандагы сууга колун жууп помыв руки водой из кувшина;
туткасы жок кумгандай непостоянный, изменчивый (букв. как кумган без ручки: не за что ухватиться).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КУМДУУ-СУУ — топоним. Жанаша аккан К.-С. жана Кара-Суу деген дарыялардын бир тарабына Манастын колу, экинчи тарабына Орго кандын колунун:
Желбиреп желек туу болуп,
Жер жарылган чуу болуп,
Бир жагында Кумдуу-Суу,
Эки жагы суу болуп (Сагымбай Орозбаков, 2. 79) ортодогу кургакта өткөн согушта Орго кандын колу жеңилип, өзү өлөт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Шамалдын соккон багыты боюнча узатасынан созулган, өсүмдүктөр менен капталган же жарым жартылай капталган кум дөбөлөрү. Кум жалчаларынын узундугу ондогон км, бийиктиги 1ден 80м ге чейин, туурасы жүздөгөн м ге жетет. Кум жалчалары Орто азияга өтө мүнөздүү.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КУМ-КЫЯ — топоним. Таласка көчүп келген Семетейге каршы Абыке, Көбөштүн колу чабуул койгон жер (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 320-б.). Географиялык реалияда Талас өрөөнүндөгү жерлердин бири.

Киргизско-русский словарь Юдахина
сильно побледнеть (о лице, гл. обр. от злобы);
кумсарып ачуусу келди он побледнел от злости;
катып калган сыяктуу кумсарып отурат сидит бледный, будто окоченевший;
бир кызарып, бир кумсарып то краснея, то бледнея.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КУМ-ТАЛАА — топоним. Нойгуттарды көп жолу чаап алып кордук көргөзгөн жети талаа Жаркенди жердеген калчалардын каны Шоорукка каршы Бакайдын кеңеши боюнча Манас көп колу менен К.-Т. аркылуу өткөн (Саякбай Каралаев, 1. 216).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КУМУЛ — топоним. Эпостун көпчүлүк варианттарында жер аты катары колдонулат. «Кумулдан чыккан жол барбы, Курчап келип бу жерде, Кууратып жаткан кул барбы» (Сагымбай Орозбаков, 1. 222); «Кумулду барып чапканда, Астында жүргөн мен элем» (Молдобасан Мусулманкуловдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 1061-инв., 1562-б.) деген саптар бар. Географиялык реалияда Синьцзияндагы Кумул (кытайча Хами) шаары менен тике байланышат.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КУМУЛ — эпизоддук кейипкер. Көкөтөйдүн ашындагы ат чабыштын байгесине зордук кылмакка ниеттенген Коңурбай бир топ баатырларына, анын ичинде К-га «Ашын бузуп чыр кылып, Атын жыгып сын кылып», чыр баштамак болуп кайрылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 260).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КУМУЛЯТИВДИК (ЧОГУЛТУЛМА) АКЦИЯЛАР – ээлери корпорация начар каржылык абалынан улам төлөй албай калып, биркатар жылдар топтолгон дивиденддерди алуусу мүмкүн болгон артыкчылыктуу акциялар.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТЕҢДЕШТИК ДОБУШ БЕРҮҮ – добуш берүүгө катышкан акциялардын санына коомду башкаруунун коллегиялдуу органынын мүчөлөрүнүн жалпы санына барабар добуш туура келген добуш берүү ыкмасы.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ар.
глиняная корчага с узким горлом или бурдюк той же формы из верблюжьей кожи (для приготовления айрана и кумыса);
жакшы ышталган кара кумурадан кымыз куюп олтурат он сидит и наливает кумыс из хорошо прокопчённого чёрного бурдюка.

Киргизско-русский словарь Юдахина
муравей;
кумурска кичинекей болсо да, кайраты тоо аңтарат погов. мал муравей, но сила его горы сворачивает; мал золотник, да дорог;
кумурскадай кыжылда- кишеть как муравьи; кишмя кишеть;
кумурска бел
1) тонкая и изящная талия;
2) красавица со стройным станом.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Карын сөзүнөн келип чыккан карынча сөзү байыркы түрк тилинде кумурска сөзүнүн маанисин берген (ДТС, 427). Кумурска сөзү байыркы түркчө кугурсак «карын, ич» сөзүнүн г тыбышы м тыбышына өтүп, аяккы ак деген эки тыбышы метатезаланып, ка болуп калышынан келип чыккан: кугур-сак> куму рсак >кумурска.