кумар I ар. азарт; азартная игра; кумарга ууру жолдош погов. спутник азартной игры - вор. кумар II ар. 1. сильное желание, страсть; жомогуңуздан угууга кумармын я очень хочу послушать ваши сказки; кумары канды или кумары таркады или кумары таркалды или кумары жазылды или кумары басылды он вполне удовлетворился, он получил удовольствие; жолдошу шайыр болсо, жолоочунун кумары канат фольк. если спутник весёлый, то путник получит удовольствие; кумары түк канбады он совершенно не удовлетворён; эл кумары таркабайт, ырдын кенин ачпасам фольк. не удовлетворится желание народа, если я не открою сокровищницу (своей) песни; беш күнү удаа сайышып, бир кумардан канайын фольк. сражаясь пять дней подряд, я удовлетворю своё желание; кумарын ичтен чыгарды он остался очень доволен; 2. влюблённый; көрбөсөм да, Бөкөйгө кумар болуп калдым деп фольк. в Бокоя я влюбилась, хоть и не видела его; кумар көз 1) умные влюблённые глаза с поволокой (женские); 2) обладательница умных глаз (красавица); куурасам, акыл табышар, кумар көз болсо сүйгөнүм фольк. была бы моей любимой красавица с умными глазами, она помогла бы советом, когда я буду бедствовать; кумар жайнак 1) лучший беркут 2) (о человеке) беспечный; бак кумар см.бак II.
зат.1. Утуп алуу кызыкчылыгы менен аябай берилип, бир нерсе (акча, мал-мүлк ж. б.) сайып ойной турган оюндар. Тиги четте кумар ойноп төртөө отурат (Жантөшев).
2.Эңсөө; өтө берилүүчүлүк, кызыкчылык, берилип сүйгөндүк. Токтогулдун өнөрүн үйрөнүүгө кумар болушкан (Бөкөнбаев). Айнысаканды бир көрүүгө кумар болуп жүрө турган (Жантөшев). Кумары кануу. Кумары тароо.
1. Утуп алуу кызыкчылыгы менен аябай берилип, бир нерсе (акча, мал мүлк ж. б.) сайып, чүкө, карта ж. б. менен ойной турган оюндар. Кумар ойноп кокуйлап, Коңулда калган сен элең (Калмырза). Тиги четте кумар ойноп төртөө отурат (Жантөшев). Кумар ойноп акчасын уттуруп жиберип, короо-жайын күрөөгө коюптур. 2. Бир нерсени катуу эңсегендик, самагандык, ага өтө берилүүчүлүк, кызыккандык, берилип сүйгөндүк. Сүйгөнүңдүн элеси көздөн учар, Канчалык карасаң да канбас кумар (Баласагын). Кумары кануу. Кумары таркоо. Кумары жазылуу. Токтогулдун өнөрүн үйрөнүүгө кумар болушкан (Бөкөнбаев). Ай чырайлуу жүзүңдү, Бир көрүүгө кумармын («Ала-Тоо»).
КУМАРКАНА (КАЗИНО) (фр. casino , ит. casino – кичинекей үй) – утушуна акча же мүлк саюу менен, карта, сөөк, чимирик сыяктуу жарак-жабдык менен жабдууларды колдонуу аркылуу кумар оюндарын ойноочу жай.
Моймолжуган, жоодураган назик көз караш, же абдан сулуу, акылдуу деген мааниде кыздарга, келиндерге карата айтылат. Куурасам акыл табышар, Кумар көз болсо сүйгөнүм (Жантөшев). Оймок ооз, кумар көз, Өзүңө теңтуш алганы (Барпы).
Моймолжуган, жоодураган назик көз караш, же абдан сулуу, акылдуу деген мааниде кыздарга, келиндерге карата айтылат. Куурасам акыл табышар, Кумар көз болсо сүйгөнүм (Жантөшев). Оймок ооз, кумар көз, Өзүңө теңтуш алганы (Барпы).
Кумар болуу, кызыгуу, аябай эңсөө, самоо. Окумуштуу Ысык-Көлдү көрүүгө дайым кумарланат. Көптөн бери кумарланып жүрүп жеткен асыл жарың жаныңда турат («Ала-Тоо»).
КУМАР ОЮНДАРЫ – жыйынтыгы оюнга катышуучулардын аракеттерине байланыштуу эмес, кокус болуучу жана алдынала болжоого болбогон мүлк, акча утуучу оюндар. К. о-нын жыйынтыгы акчалай, же башка баалуу мүлк түрүндө аныкталат.
1. кумарчы менен бирдей. Яшвин бузук салттуу, кумарпоз, ичкич киши («Ала-Тоо»). 2. Бир нерсеге кызыккан, берилген, кумар болгон. Китеп окуп, музыка укканга өтө кумарпоз Шейшебайдын келгенине Ниязкул кубанып кетти (Абдумомунов).