Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Утуп алуу кызыкчылыгы менен аябай берилип, бир нерсе (акча, мал мүлк ж. б.) сайып, чүкө, карта ж. б. менен ойной турган оюндар. Кумар ойноп кокуйлап, Коңулда калган сен элең (Калмырза). Тиги четте кумар ойноп төртөө отурат (Жантөшев). Кумар ойноп акчасын уттуруп жиберип, короо-жайын күрөөгө коюптур. 2. Бир нерсени катуу эңсегендик, самагандык, ага өтө берилүүчүлүк, кызыккандык, берилип сүйгөндүк. Сүйгөнүңдүн элеси көздөн учар, Канчалык карасаң да канбас кумар (Баласагын). Кумары кануу. Кумары таркоо. Кумары жазылуу. Токтогулдун өнөрүн үйрөнүүгө кумар болушкан (Бөкөнбаев). Ай чырайлуу жүзүңдү, Бир көрүүгө кумармын («Ала-Тоо»).