Киргизско-русский словарь Юдахина
1. катышек (овечий, козий или верблюжий помёт);
бир кумалак бир карын майды булгайт (или чиритет) погов. ложка дёгтя в бочке мёда (букв. один катышек портит целый кутырь масла);
2. кругленькие камешки;
таштан тандап кырк бир кумалак терип алды из камней он собрал сорок один кругленький камешек (для гадания);
тогуз кумалак то же, что тогуз коргол (см. коргол).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кой, эчкинин жана төөнүн томолок-томолок формадагы тезегин билдирген кумалак сөзү азыркы түрк тилдеринде кандай морфемалардан куралганын аныктоо кыйындап кеткен. Ногой тилинде коймалак сөзү кыргызча койдун кумалагы сөзүнө мааниси боюнча туура келет. Ал сөз кой+малак деген эки сөздөн турат. Малак сөзүнүн өзү эле «тоголок тезек» маанисин берген сөз болушу мүмкүн. В. В. Радлов белгилеген майак «койдун кумалагы» (Радлов, т. IV, ч. 2, 2012) сөзү л-->й кубулушу боюнча малак сөзүнө туура келиши мүмкүн. Алгачкы кой малак деген эки сөз биригип, бириккенде й тыбышы түшүп, кумалак сөзү келип чыккан болуу керек. Кийин бул сөздүн мааниси кеңип, жалаң эле койдун кумалагына карата эмес, эчкинин жана төөнүн кумалагына карата да колдонула турган болуп калган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Оюндун түрү. 2. Койдун коргоолу. Кумалак, кеште, Чакмагың, Камдап койгун баарысын («Эл адабияты»). Бир карын майды бир кумалак чиритет (макал). 3. Төлгө тартууда, тогуз коргоол оюнунда ж. б. колдонулуучу тоголок майда таштар. Агай кумалак тизип, төлгө тартып олтуруптур (Сыдыкбеков). Таштан тандап кырк бир кумалак терип алат (Убукеев).